Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:04

Шайлоо: Бир мандаттуу система өзүн актадыбы?


Шайлоо участогу. Бишкек, Кыргызстан. (архивдик сүрөт)
Шайлоо участогу. Бишкек, Кыргызстан. (архивдик сүрөт)

Борбордук шайлоо комиссиясы Ноокат жана Ысык-Көл бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону 30-июнга дайындады. Өткөн апта соңунда өткөн дагы үч округдагы кезексиз шайлоонун расмий тыянагы жарыялана элек.

Парламенттин 7- чакырылышы ишин баштаган эки жарым жылда 20га чукул депутат мандатынан ажырады. Анын ичинен сегизи бир мандаттуу окуругдан келгендер. Мындай жагдайлар бир мандаттуу система өзүн актадыбы деген талкууларга жем таштады.

“Парламент туруктуу болот деп ойлогонбуз”

Кыргызстанда катарынан өтүп жаткан кезексиз шайлоолор бир мандаттуу система өзүн актадыбы деген суроону күн тартибине чыгарууда. Борбордук шайлоо комиссиясы алдыда Ысык-Көл жана Ноокат шайлоо округу боюнча кайра шайлоону 30-июнга дайындады. Мөөнөтсүз шайлоолор ушуну менен эле бүтпөйт окшойт. Дагы эки округ боюнча талаштуу жагдайлар түзүлдү.

Жогорку Кеңештин 6-чакырылышынын депутаты Кенжебек Бокоев парламент азыркы аралаш шайлоо системасын туруктуулук болот деген үмүт менен кабыл алганын эске салды.

“Партиялык системаны көрдүк. Ал системада “ким канча добуш алды, мен мындан көп добуш алгам” деген талаш-тартыштар көп болгон. Бир мандаттууда конкреттүү бир адам утуп чыгат, туруктуу болот деген үмүт бар эле. Мен да аны колдогом. Ал маалда элдин баары партиялык системанын гана болушуна каршы эле”.

Кыргызстан 2021-жылы өзгөргөн Баш мыйзамга ылайык, Жогорку Кеңештин депутаттары 120дан 90го азайып, алардын 54ү партиялык тизме менен, калган 36сы бир мандаттуу шайлоо округдарынан шайланып келе турган болгон. Бир мандаттуу шайлоо системасын киргизүүгө партиялык саясатка болгон нааразылыктар негиз болуп, округдан шайланган эл өкүлдөрү жарандардын көйгөйүн көтөрүп, аларды чечилишине салым кошот деген жүйө айтылган. Мындан тышкары мандат ээлери улам алмашпай, туруктуулук камсыздалат деген да ойлор болгон.

Жаңы эрежеден чыккан гендердик маселе

Жаңы мыйзам менен өткөн 2021-жылдагы парламенттик шайлоодо Бишкектин Свердлов жана Биринчи май округдарында берилген добуштардан “баарына каршы” басымдуу болуп, кайра шайлоо дайындалган.

Анда Биринчи май округунда Эльвира Сурабалдиева жеңип чыгып, бир мандаттуу 36 округ боюнча шайлангандардын ичинен жалгыз аял депутат болуп калды. Мында 70ке 30 деген жыныстык тең салмактуулук сакталбаганы айтылып, мындай система гендердик маселени кайра күчөттү дегендер да болгон.

Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Кайрат Маматов партиялык жана бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча шайлоо системасы практикада сыналып көрүп, мунун үстүнөн талкуу жүрүшү керек деген ойдо.

“Бир мандаттуу округдарда гендердик маселе да жаралды. Бул ыкма менен шайланып келген 36 депутаттын бири эле айым. Анан бир мандаттуу деген менен алар шайлоодон утуп, парламентке келгенден кийин кайра эле фракцияларга кошулуп же өздөрүнчө депутаттык топторду түзүп алышты. Жалгыз жүргөн депутаттар саналуу эле”.

"Депутаттарга коркутуулар болуп жаткандай..."

2023-жылдын соңунда бийлик өлкөдөгү криминалга жана коррупцияга каршы күрөштү күчөткөнүн жарыялады. Мунун арты менен кримчөйрөнүн анабашы аталган Камчы Көлбаев жок кылынып, Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов камакка алынды.

УКМК Көлбаев менен Матраимовду “мафия түзгөн” деп айыптап, аларга байланышы бар деген жүйө менен бир катар кишини камакка алды, кызматтан бошотту. Бул “тазалоонун” эпкини парламентке жеткендей болду. Соңку учурда мандатын тапшырган Жогорку Кеңештин бир катар депутаттардын Матраимов менен байланышы бар болгону айтылып жаткан.

Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев соңку кезде көбөйгөн мандат тапшырууларга "коркутуулар" себеп деген пикирде.

"Депутаттардын мандат тапшырып жатышы жакшы эмес. Бир мандаттуу шайлоо округунан шайланып келген айрым кесиптештерим кетип жатат. Аларды кандай болгон чакта да эл шайлап, парламентке келген. Алар ар кандай жагдайда кетип жатышат, бирок баарынын коркуп кетип жатканы сезилет. Ким коркутканын айта албайм, бирок бул болгон. Мындай жагдайдан улам эртең саясатка барам деген адамдар ойлонуп, "менин чарбам, байлыгым болсо, каталарын таап коёт" деген коркуу пайда болот. Демек, бул "алар эмнени айтса, ошону аткарам" деген тарбия болуп калат".

Шайлоодон чыккан талаштар

Бишкектеги Ленин шайлоо округунда үч жолу шайлоо өттү. Алгач бул округдан шайланып келген депутат Жаныбек Абиров мушташка аралашканы үчүн нааразылыктардын арты менен мандатын тапшырган. Өткөн жылы кайра өткөн шайлоодо жеңген Дамира Ниязалиева жана дагы бир талапкер Улан Сариевге добуш сатып алуу боюнча айып тагылып, соттун чечиминин негизинде шайлоонун жыйынтыгы жокко чыккан. Бул округдагы кайра шайлоодо Кубанычбек Самаков утуп, депутаттык мандат алды.

Ушу тапта Свердлов округундагы кайра шайлоодон утуп келген Шайлообек Атазовдун мандаты да “добуш сатып алуу” фактысынын негизинде алынып, сот чечими чыкты. Эми анын ордуна шайлоо жарыяланабы же мандат кийинки талапкерге берилеби? Азырынча белгисиз.

Талас шайлоо округунан парламентке келген депутат Бактыбек Чойбековго да добуш сатып алуу боюнча айып тагылып, 9-апрелде Бишкек шаардык соту шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу боюнча чечимди күчүндө калтырды. Анын үстүнөн дагы шайлоодогу атаандашы арыз жазган.

Жогорку Кеңештин курамы жаңы эреже менен шайлана баштады деген менен эки жыл мурунку шайлоодо бир мандаттуу округдардан кимдер шайланып келгени кызуу талкууларды жараткан жайы бар. Эксперттер кайра кезексиз өткөн шайлоолордо деле талапкерлердин дараметине сын-дооматтар көп экенине көңүл бурууда.

“Бир мандаттуу округдардагы шайлоодо айрым талапкерлер элге таанылып калуу үчүн гана чыккандай. Алардын көбү коомго анчейин таанымал эмес адамдар болду. Округдан шайланып келген депутаттар ошол гана аймактын көйгөйүн көтөрүп, республикалык деңгээлдеги маселелерге көп көңүл бурбай калышат. Округдагы шайлоонун деңгээлинде добушту сатып алуу фактылары боюнча маселе жаралганын бир нече ирет көрдүк. Бул система менен акчалуу саясатчылар утуп келет деп айтууга болот”, - деди Кыргызстандагы шайлоо процесстерине байкоо салып жүргөн адис Тагир Осмоналиев.

Кайра шайлоо - кошумча чыгым

Кайра шайлоолорду өткөрүү бир топ каржылык чыгымды жана түйшүктү да жаратууда. Алсак, соңку шайлоодо Баткен менен Кара-Суу округдарында уюштуруунун чыгымы дээрлик 24 миллион сом деп эсептелген.

Ал эми Ош окуругу боюнча чыгымдар жарыяланган жок. Анын алдында Ленин округундагы кайра шайлоону уюштуруунун сметасы 18 миллион сом деп бекитилген. Кайрат Маматов кайра шайлоо өткөрүү мыйзамда жазылган талаптардан улам өтүп жатканын кошумчалады.

"Бир мандаттуу округда кайра шайлоо кылбай, кезектеги талапкерге эле мандат бербейсиңерби деген сындар айтылат. Бул мыйзам талабы. Мындан тышкары соңку шайлоолордо утуп чыккан талапкер менен экинчинин ортосундагы айырма аябай чоң болуп жатпайбы. Мындай шартта экинчи катардагы талапкер жалпы шайлоочулардын тандоосу эмес деп ойлойм. Мындан улам кайра шайлоонун дайындалышы да орундуу".

Анткен менен бир мандаттуу округдардын кириши аймактагы көйгөйлөрдүн чечилишине шарт түздү дегендер да бар.

“Бир мандаттуу округдан шайланып келгенден кийин да эл менен тыгыз байланыш сакталып калат. Партиялык системада республикалык деңгээлде болуп калат. Бир мандаттууда көйгөйлөрдүн чечилишине да мүмкүнчүлүк көп. Бир мандаттуунун болгону жакшы. Мунун арты менен жер-жерлердеги көйгөйлөр чечилип жатат”, - дейт Жогорку Кеңешке бир мандаттуу Араван округунан шайланып келген депутат Жалалидин Нурбаев.

Кыргызстанда жекшембиде өткөн Баткен, Ош жана Кара-Суу округдарындагы шайлоолор көрсөткөндөй добуш берүүгө катышуу эң төмөнкү чекти көрсөттү.

Үч округдагы шайлоого баргандар жалпы добуш берүүчүлөрдүн 20 пайыздан араң ашканы, ат салышкан талапкерлердин саясаттагы тажрыйбасы, берген убадаларына байланыштуу маселелер талкууга түштү. Бишкектеги Ленин округу боюнча былтыр октябрда өткөн кайра шайлоодо добуш бергендер 15,85 пайызга араң жеткен.

Үч округдагы шайлоо, Мадумаровдун мандаты
please wait

No media source currently available

0:00 0:52:06 0:00

XS
SM
MD
LG