Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:17

Шайлоочу шаабайы эмнеден сууду? Добуш бербегендерге айып салуу сунушу


Кыргызстанда өткөн шайлоолордун бири.
Кыргызстанда өткөн шайлоолордун бири.

Кыргызстанда жылдан-жылга шайлоодо добуш берүүгө келбеген жарандар көбөйүп баратат. 2017-жылдагы президенттик шайлоого шайлоочулардын дээрлик 56% катышса, 2021-жылдагы президенттик шайлоодо ал 39,75% гана түздү.

Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов добуш берүүгө келбегендерге айып пул салууну сунуштады. Шайлоочулар саясий иш-чараларга эмне үчүн мындай мамиле кылат жана добуш берип жарандык милдетти аткаруу канчалык маанилүү?

Добуш бербегендерге айып салуу сунушу

Кыргызстанда шайлоодо добуш берүүгө катышпай койгондорго айып пул салуу боюнча мыйзам долбоору 13-июлда коомдук талкууга коюлду. Документте жүйөлүү себептери бар адамдарды кошпогондо, жарандарды президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого катышууга милдеттендирүү сунушу жазылган.

Долбоордун автору, Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов “Азаттыкка” мындай ченемдин иштелип чыгышына соңку жылдары Кыргызстанда добуш берүүчүлөр азайып баратканы себеп болгонун билдирди.

Тазабек Икрамов.
Тазабек Икрамов.

“Коом шайлоого, мамлекеттик чечимдерге кайдыгер болууда. Мамлекеттин ишине кайдыгер адамга да чара көрүлүшү керек. Алсак, президенттик да, парламенттик да шайлоолор жалпы шайлоочулардын 30% менен гана өтүп жатат”, - деди ал.

Депутат Европанын айрым өлкөлөрүндө жана Австралияда, Бразилияда, Түркияда шайлоочулар милдеттүү түрдө добуш бериши керек экенин айтты. Түркиядагы акыркы президенттик шайлоого 64 миллиондон ашык шайлоочунун 55 миллиондон көбү катышканын мисал келтирди.

Тазабек Икрамовдун мыйзам долбоору коомчулукта ар кандай пикирлерди жаратты. Шайлоочуларга айып салуу Конституцияга каршы келерин, ошол эле кезде шайлоого катышкандардын азайып баратканы да кооптуу экенин айткандар бар.

Добуш бергендер эмнеге азайды?

Бирок сандар көрсөтүп тургандай чын эле өлкөдө добуш бергендер жылдан-жылга азайып баратат. Ага эки мисал келтирсек: 2017-жылдагы президенттик шайлоого шайлоочулардын 56% катышса, 2021-жылдагы президенттик шайлоодо 39,75% гана түздү. 2020-жылы Жогорку Кеңешке болгон шайлоого шайлоочулардын 56,2%, 2021-жылы 34,93% келген. 2020-жылы 3,5 миллиондой шайлоочу болсо, 2021-жылы ал 3 миллион 700 миңге жеткен.

Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү (БШК) Узарбек Жылкыбаев элдин саясий иш-чарага катышуусунун азайып кетишин мындайча түшүндүрдү.

Узарбек Жылкыбаев.
Узарбек Жылкыбаев.

“2020-жылдагы парламенттик шайлоодон кийин №2 форма деген арыз алып салынган. Ошондон кийин добуш бергендер азайган. Анткени 2020-жылдагы парламенттик шайлоого 485 миң киши №2 форма менен добуш берген экен. Бул шайлоочулардын 15% түзөт. Жарандардын шайлоодо добуш берүүсү – бул алардын укугу. Бирок ал милдеттүү талап эмес. Шайлоого катышабы же катышпай коёбу - өзүнүн эрки. Ошондуктан биз добуш берем деген жарандарыбызга шарт түзүп беришибиз керек. Мисалы, 2021-жылы өткөн шайлоодо чет өлкөдөгү мекендештер үчүн 58 шайлоо тилкесин ачканбыз. 80 миңдей адам тизмеге кирген, бирок чет жерде деле 9 миңдей эле адам шайлоого келди”.

2020-жылы жыйынтыгы жокко чыгарылган парламенттик шайлоодо №2 форма бар болчу. Муну менен каттоосу бир жерде, өзү башка аймакта жүргөндөр добуш берүүгө мүмкүнчүлүк алган. Саясий партиялар №2 форма менен адамдарды шайлоо тилкелерине жапырт ташып калганда, бул ыкма сынга кабылган да, шайлоо мыйзамдарына өзгөртүү киргизилип, №2 форма жокко чыгарылган.

Шайлоо темасынын көтөрүлүшүнө Бишкектеги бир мандаттуу №26 Ленин округунда быйыл 28-майда өткөн шайлоо да негиз болду. Анда 124 миң 908 шайлоочунун 17 миң 423ү (13,95%) гана добуш берген. Бул Кыргызстанда эң аз шайлоочу катышкан шайлоо болуп калды.

Эки талапкерге “шайлоочулардын добушун сатып алган” деген айып коюлгандыктан, БШК 16-июнда шайлоонун жыйынтыгын жараксыз деп тапкан. Боршайком Ленин округунда кайра шайлоону 10-сентябрга белгилеп, 17-июлга карата ага катышуу үчүн беш адам арыз берди.

Акылбек Сариев.
Акылбек Сариев.

“Жарандар шайлоого эмне үчүн барбай жатканы түшүнүктүү эле да. Негизги себеби - жарандар бийлик бутактарына ишенбей калды. Жашыруун эмес, Кыргызстанда шайлоо башынан аягына чейин каражатка эле барып такалат. Акчаң болсо шайлоодон утасың деген түшүнүк бар. Бул фактыныэч ким тана албайт. Бул президенттик, парламенттик шайлоодон башталып жергиликтүү кеңештердин шайлоосуна чейин түшүп кетти”, - деди БШКнын мурдагы төрагасы Акылбек Сариев.

"Шайлоого кайдыгер мамиле коомго зыян"

Кыргызстанда жалпы элдик добуш берүүгө катышкандардын пайыздык көрсөткүчү 30% ашса референдум өттү деп эсептелет. Ал эми шайлоодо канча киши добуш берсе да ал өттү деп саналат.

Жарандык активист Айбек Теңизбаев өлкөдө буга чейин болгон ыплас, жыйынтыгы бурмаланган шайлоолор элдин саясий иш-чарадагы жигердүүлүгүнө терс таасирин тийгизди деп эсептейт. Бирок өлкөнүн тагдырын чечкен шайлоолорго кайдыгер кароо коомго зыян келтирерин белгилейт.

“Элди шайлоого чакыруу жана анын маанилүү экенин түшүндүрүү милдети бийликтин моюнунда. Бул негизги иштердин бири болуш керек. Экинчиден, талапкерлер менен саясий партиялардын да ролу чоң. Саясий маданият калыптанган өлкөлөрдө элди шайлоого талапкерлер тартат. Бизде аларга ишенимдин жоктугунан шайлоочулар да кайдыгер болууда. Бийликтин булагы эл болгондон кийин, шайлоого барып добуш берүү өтө маанилүү. Анткени ар бир адамдын добушу шайлоонун жыйынтыгына таасир этет. Шайлоонун жыйынтыгы менен бийлик куралып, мамлекеттин саясаты аныкталат. Жарандар ушуну түшүнүшү керек. Жарандар бийликтин өкүлдөрүн тандап жатканын, анын жыйынтыгы менен мамлекет тандаган жол, максаты аныкталарын билиши зарыл”.

Кыргызстанда шайлоо мыйзамдары бир нече жолу өзгөртүлгөн. Өлкөдө ар бир шайлоодо бийликке добуш сатып алуу, бурмалоо болгону тууралуу сын-дооматтар айтылып келет. Таза эмес өткөн шайлоону айынан бийлик алмашкан окуялар да болгон.

XS
SM
MD
LG