Министр Полотова мигранттарды Орусиянын мыйзамдарын так сактоого чакырды

Министр Жылдыз Полотова Москвада кыргыз диаспораларынын өкүлдөрү менен жолукту. 2024, октябрь

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Жылдыз Полотова Москва шаарында кыргыз диаспораларынын өкүлдөрү менен жолугушуп, Кыргызстанда түзүлүп жаткан жумуш орундары, эмгек акы тууралуу маалымат берди.

Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады. Полотова жылдын аягына чейин өлкөдө 250 миң жумушчу орун түзүлөрүн, жеңил өнөр жай, курулуш тармагында иштегендердин эмгек акысы өсүп жатканын белгилеген. Өз ишин ачууну көздөгөндөргө министрлик колдоо көрсөтөрүн айткан.

Министр диаспора өкүлдөрү менен мыйзамдардын өзгөрүшү, каттоого туруу, медициналык кароодон өтүү сыяктуу миграция чөйрөсүндөгү маселелерди талкуулап, өлкөнүн мыйзамдарын урматтоого жана так сактоого чакырды.

Быйыл март айында Москванын четиндеги "Крокус Сити Холлго" жасалган кол салуудан кийин, Орусияда мигранттарга каршы рейддер, басым-кысым күчөгөн. Орусия Украинага бастырып киргенден кийин мигранттарга карата мыйзамдар, эреже-талаптар катаалдашты.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги сентябрь айынын башында Орусиядагы кошумча коопсуздук чараларынын киргизилиши жана мамлекеттик чек арадан чет өлкөлүк жарандарды өткөрүүдө көзөмөлдүн күчөтүлүшүнөн улам кыргыз жарандарын зарыл иши болбосо Орусияга убактылуу барбай турууга чакырган.

Расмий маалыматтарга ылайык, учурда Орусияда 411 миңден ашык кыргызстандык мигрант бар.

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев быйыл жайында соңку 1,5 жылда кыргызстандыктардын саны 400 миңге кыскарганын билдирген. (КЕ)

Дагы караңыз

Ливанга 1 млрд доллар жардам чогулду, Блинкен аймактыгы сүйлөшүүлөрүн уланттыТөрага Шакиев жаңы гимн оңой ырдала тургандай болушу керектигин айттыТөрага Нурланбек Шакиев гимн өзгөртүлө турганын билдирдиВолейбол: Кыргызстан Борбор Азиянын чемпиону болду Улуттук банк валюта базарына 55,1 млн доллар сатты