Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:32

Төрага Нурланбек Шакиев гимн өзгөртүлө турганын билдирди


Нурланбек Шакиев.
Нурланбек Шакиев.

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Кыргызстандын гимни өзгөрүшү керектигин айтып чыкты.

Бул тууралуу 25-октябрда парламентте Кара-Кыргыз автоном облусунун түзүлгөнүнүн 100 жылдыгына жана мамлекеттик ишмер Иманалы Айдарбековдун 140 жылдыгына арналган иш-чарада сүйлөп жатып айтканын жыйынга катышкандар “Азаттыкка” ырастады.

Шакиевдин гимнди өзгөртүү тууралуу айтканы тартылган видеосу социалдык тармактарга жарыяланды.

“Биз гимнди өзгөртөбүз. Себеби, гимнди кабыл алганда Советтер Союзунан чыккан убак болгон. Азыр биз бутуна толук турган, кадыресе өнүгүү жолуна түшкөн мамлекетпиз. Ошол үчүн биз гимнди өзгөртүшүбүз керек. Бардык кыргыз эли ырдай турган гимн болушу керек”, - деп Шакиевдин айтканын аталган видеодон көрүүгө болот.

Парламенттин басма сөз кызматы бул тууралуу маалымат бериле турганын тактады.

Нурланбек Шакиев былтыр мамлекеттик тууга оңдоолорду киргизүүнү демилгелеп, парламент кабыл алган. Өткөн жылдын аягында Элдик курултайда президент Садыр Жапаров тууга оңдоолорду киргизүү анын демилгеси экенин, "чет мамлекеттердин өкүлдөрү туудан улам күн карамага байланыштырган суроону көп берерин" айткан. Бул демилге коомчулукта кызуу талкууга түшүп, каршы пикирин билдиргендер болгон. Мындан кийин мамлекеттик тууну өзгөртүүгө каршы чыккан жарандык активист Афтандил Жоробеков алты ай абакка отуруп чыккан.

Кыргызстандын гимни 1992-жылы 18-декабрда бекитилген. Анын сөзүн Жалил Садыков менен Шабданбек Кулуев, обонун Насыр Давлесов менен Калый Молдобасанов жазган. (TAb)

XS
SM
MD
LG