Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:25

Улуттук банк валюта базарына 55,1 млн доллар сатты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук банк валюта базарына 54 миллион 500 миң доллар сатты. Бул маалымат банктын расмий сайтына жарыяланды. Ушуну менен өлкөнүн негизги банкы жыл башынан бери 20 жолу интервенция жасап, анын көбүндө долларды сатып алды.

Буга чейин 8-октябрда 54,5 миллион доллар сатылган.

Ушу тапта доллардын расмий курсу 85,50 - 85.80 сом. Коммерциялык банктар менен менчик акча алмаштыруу жайларында бир доллар 85,68 сомдон алынып, 86,16 сомдон сатылууда.

Интервенция доллардын курсу кескин көтөрүлүп же түшүп кеткенде жасалат.

Кыргызстанда акыркы суткада доллардын, евронун, орус рублинин, теңгенин жана юандын сомго карата расмий курсу жогорулады. (КЕ)

XS
SM
MD
LG