Европарламент азери бийлигин "репрессияны" токтотууга чакырды

Европарламент.

Европа парламентинде Азербайжанды “адам укуктарын жана эл аралык укук нормаларын бузганы үчүн” деп айыптаган, бул өлкөнүн газынан көз карандылыктан чыгууга чакырган билдирүү кабыл алынды.

24-октябрда Европарламенттин 705 мүчөсүнүн 453ү колдогон документте Азербайжанда активисттер, журналисттер, оппозициянын өлкө ичиндеги жана чет жактагы лидерлери “репрессияга” кабылып жатканы, мындай мамиле жакында борбор калаа Бакуда өтө турган Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) климаттын өзгөрүүсү боюнча конференциясы алдында ого бетер күчөгөнү белгиленди.

“Адам укуктарынын бузулушу уланып жаткан Азербайжанда бул конференциянын өтүшү ылайык эмес, ошондуктан Еврокомиссиянын төрагасы Урсула фон дер Ляйенди жана Евробиримдиктин башка да лидерлерин жыйынды өлкөнүн бул жааттагы начар тажрыйбасын талкуулоо мүмкүнчүлүгү катары колдонууга чакырабыз. Парламент ошондой эле Бакуну Азербайжанда репрессиянын бардык түрлөрүн токтотууга, негизсиз камалган бардык адамдарды бошотууга жана саясий жүйө менен коюлган айыптарды алып салууга чакырат”, - деп билдирди Европарламенттин басма сөз кызматы.

БУУнун климаттын өзгөрүүсүнө байланыштуу маселелер талкуулана турган жыйыны (COP29) Бакуда 11-22-ноябрда өтөт. Мунайга бай, адам укуктарынын бузулушу тууралуу көптөгөн фактылар айтылып келаткан Азербайжанда бир катар мамлекеттин лидерлери чогулуп жатканы тууралуу сын пикир буга чейин да айтылган. Азери бийлиги айыптоолордун баарын четке кагууда. (RK)

Дагы караңыз

Аба ырайы: айрым аймактарда жаан жаайтДепутат курулуш нормаларын сактабагандарды жоопко тартууну сунуштадыЭл акыны Рамис Рыскулов эскерилдиУкраина Орусия Курскиге Түндүк Корея аскерлерин жайгаштырганын билдирди