Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:27

Украина Орусия Курскиге Түндүк Корея аскерлерин жайгаштырганын билдирди


Түндүк Кореянын аскерлери Хабаровск аймагында. Спутниктен тартылган сүрөт.
Түндүк Кореянын аскерлери Хабаровск аймагында. Спутниктен тартылган сүрөт.

Украинанын Аскердик чалгын кызматы Орусия түндүк кореялык аскерлерди Курск облусуна жөнөткөнү тууралуу маалыматы бар экенин 24-октябрда билдирди. Мекеме кабарлагандай, аларды согуш жүрүп жаткан тилкеге бир күн мурда жеткиришкен.

Украин тараптын бул билдирүүсү Түндүк Кореянын кеминде 3 миң аскери Орусияга кеме менен жеткирилгени тууралуу маалыматты тастыктоодо.

Алгач бул тууралуу Түштүк Корея айтып чыккан. Бирок Орусия андай маалыматты четке каккан. Ал эми 24-октябрда орус президенти Владимир Путин Казан шаарында БРИКС саммитинин жыйынтыгы боюнча пресс-конференцияда NBC News журналистинин спутниктен тартылган сүрөттөр Орусияда түндүк кореялык аскерлер жүргөнүн көрсөтүп жатканы тууралуу суроосуна жооп берип, андай ыктымалдыкты четке каккан жок.

Путин бул күнү Мамлекеттик Дума Түндүк Корея менен стратегиялык өнөктөштүк тууралуу келишимди ратификациялаганын да кошумчалады. Бул келишимде эки өлкө бирине бири аскердик жана башка жардам көрсөтө алары жазылган.

АКШнын коргоо министри Ллойд Остин түндүк кореялык аскер кызматкерлери Орусияга барганы тууралуу далилдер бар экенин айтып, мунун кесепети болушу ыктымал экенин эскерткен.

Түндүк Кореянын Улуттук чалгын кызматы Пхеньян декабрга чейин Орусияга жөнөтүлгөн аскерлеринин жалпы санын 10 000ге жеткирүүнү көздөөп жатканын маалымдаган.

Орусиянын Украина менен чектеш тилкесиндеги Курск облусунун айрым айыл-кыштактарын азыркы тапта украин аскерлери ээлеп турат. Киев бул операциясынын негизги максаты өз жерин Орусиянын чабуулдарынан коргоо үчүн “буфердик зона” түзүү, согуш жана жоготуу деген эмне экенин орус тарапка да жеткирүү экенин белгилеген. (RK)

XS
SM
MD
LG