Төрага Шакиев жаңы гимн оңой ырдала тургандай болушу керектигин айтты

Нурланбек Шакиев.

Парламент төрагасы Нурланбек Шакиев “мамлекеттик гимн баарына бирдей ыргакта, кандай кырдаал болбосун оңой ырдап кеткидей жазылышы керек" деп эсептейт.

Спикердин билдирүүсү тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы маалымат таратты.

“Биздики буга чейин да өзгөртүлүп, текстинен бир куплети толук алынган. Мындай өзгөртүүлөр башка өлкөлөрдө да болуп келет. Андыктан, эгемендигибиздин негизги символу саналган гимнибиздин текстин да кайрадан карап чыгып, бүгүнкү күндөгү чакырыктарга жана өлкөбүздүн өнүгүү багытына ылайыктап, элибизди мекенчилдикке жана өнүгүүгө карай үндөгөн өзгөртүүлөрдү киргизүүбүз кажет”, - дейт Шакиев.

Ал жаңы гимндин тексти коомчулуктун талкуусуна коюлуп, акын, тарыхчы, окумуштуу, композитор өңдүү тиешелүү адистердин кароосунан өтөрүн кошумчалаган.

Мунун алдында Шакиев парламентте Кара-Кыргыз автоном облусунун түзүлгөнүнүн 100 жылдыгына жана мамлекеттик ишмер Иманалы Айдарбековдун 140 жылдыгына арналган иш-чарада сүйлөп жатып гимнди өзгөртүү тууралуу пикирин айтканы маалым болгон.

Нурланбек Шакиев былтыр мамлекеттик тууга оңдоолорду киргизүүнү демилгелеп, парламент кабыл алган. Өткөн жылдын аягында Элдик курултайда президент Садыр Жапаров тууга оңдоолорду киргизүү анын демилгеси экенин, "чет мамлекеттердин өкүлдөрү туудан улам күн карамага байланыштырган суроону көп берерин" айткан. Демилге коомчулукта кызуу талкууга түшүп, мамлекеттик тууну өзгөртүүгө каршы чыккан жарандык активист Афтандил Жоробеков алты ай абакта отуруп чыккан.

Кыргызстандын гимни 1992-жылы 18-декабрда бекитилген. Анын сөзүн Жалил Садыков менен Шабданбек Кулуев, обонун Насыр Давлесов менен Калый Молдобасанов жазган. (TAb)

Дагы караңыз

Аба ырайы: айрым аймактарда жаан жаайтДепутат курулуш нормаларын сактабагандарды жоопко тартууну сунуштадыЭл акыны Рамис Рыскулов эскерилдиУкраина Орусия Курскиге Түндүк Корея аскерлерин жайгаштырганын билдирди