Депутат курулуш нормаларын сактабагандарды жоопко тартууну сунуштады

Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев ден соолугуна байланыштуу мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарды жеткиликтүү инфраструктура менен камсыз кылуу жана курулуштун стандарттарын сактабагандарды жоопкерчиликке тартууну сунуштоодо.

Буга байланыштуу “Укук бузуулар жөнүндө кодекске өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору коомдун талкуусуна чыгарылды.

Документке ылайык, имараттардын, курулмалардын, көп кабаттуу үйлөрдүн, тротуарлардын жана жолдордун жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуучу стандарттарды сактабагандыгы үчүн жеке жана юридикалык жактарга максималдуу өлчөмдөгү айып салынат. Бул учурда курулуштун долбоорун түзгөндөр, курулуш объектисин пайдаланууга берүү боюнча жооптуу кызмат адамдарынын да жоопкерчилиги каралат.

Мыйзам долбоорунун кабыл алынышы майыптыгы бар адамдардын гана эмес, жаш балалуу аялдардын жана улгайган жарандардын да жашоосун жакшырта турганы белгиленген.

Коомдун талкуусуна коюлган долбоорго ылайык, көп кабаттуу турак жай, жөө жүргүнчүлөр өтүүчү аймак, такөпүрө, жол, тратуар куруудагы нормаларды сактабаган жеке адамдарга 20 миң, (200 эсептик көрсөткүч), компанияларга 200 миң сом (2 миң эсептик көрсөткүч) айып пул салуу сунушталган.

Майыптыгы бар адамдарды муниципалдык коомдук транспорттордун айдоочулары автоунаага түшүрбөй, аларга шарт түзбөй койгон учурлар буга чейин да катталган. Былтыр февралда айдоочу майыптыгы бар адамга араба менен троллейбуска кирүүчү пандусту ачуудан "иштебейт" деген себеп менен баш тарткан. Коомдук жайларда, мектеп, ооруканаларда мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн шарттардын жоктугу, пандустар курулбаганы талкууланып келет.

Кыргызстан Бириккен Улуттар Уюмунун майыптыгы бар адамдардын укугуна байланыштуу конвенциясын 2019-жылы март айында ратификация кылган. Ага ылайык мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга коомдо инклюзиялык (кошуп алуучу) шарттарды түзүү керек. Эксперттер Кыргызстан бул шарттарды аткара албай жатканын айтып келет.

Активист, майыптардын укугун коргоочу Гүлзар Дүйшөнова Бишкектеги имараттардын 97% майыптарга ыңгайлашпаганын "Азаттыкка" билдирген.

Эмгек, миграция жана социалдык камсыздоо министрлигинин маалыматына ылайык, Кыргызстанда майыптыгы бар жарандар 204 миңден ашат, алардын ичинен 35 миңдейи - балдар. (КЕ)

Дагы караңыз

Төрага Нурланбек Шакиев гимн өзгөртүлө турганын билдирдиХерсондун борборунда орусиялык аскерлердин соккусунан адамдар жабыркадыНоокаттын жолун сындаган ютубер 22-ноябрга чейин камакка алындыОш - Сары-Таш - Эркечтам автожолунда автоунаалардын узун кезеги пайда болду