Аба ырайы: айрым аймактарда жаан жаайт

Сөөк ашуусу.

Кыргызгидромет борбору билдиргендей, 26-октябрга караган түнү Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаайт. Түнкүсүн жана эртең менен айрым жерлеринде туман түшөт.

Күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондорунда кар, Жалал-Абад облусунун айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 3…8, күндүз 9…14;

Таласта түнкүсүн 2…7, күндүз 8…13;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 4…9, күндуз 13…18;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0…5, күндүз 10…15;

Нарын облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз 9…14.

Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын болбойт, күндүз жамгыр жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы түнкүсүн 6…8°, күндүз 11…13° жылуу болот.

Дагы караңыз

Төрага Нурланбек Шакиев гимн өзгөртүлө турганын билдирдиХерсондун борборунда орусиялык аскерлердин соккусунан адамдар жабыркадыНоокаттын жолун сындаган ютубер 22-ноябрга чейин камакка алындыОш - Сары-Таш - Эркечтам автожолунда автоунаалардын узун кезеги пайда болду