Кемпир-Абад иши: сот отуруму 1-ноябрга жылды

"Кемпир-Абад иши" боюнча айыпталгандар соттон чыкканда тартылган сүрөт. 14-июнь 2024-жыл.

25-октябрда Бишкек шаардык сотундагы Кемпир-Абад иши боюнча сот жараяны дагы жылып кетти. Буга адвокаттардын бири Эркин Сааданбеков ооруканада жатканы негиз болду.

Кийинки соттук жараян 1-ноябрга дайындалганын “Азаттыкка” ушул эле иш боюнча айып тагылган оппозициялык саясатчы Равшан Жээнбеков билдирди.

Кемпир-Абад иши боюнча сот быйыл 6-августтан бери өтүп жатат. Буга прокуратуранын 12-июлда Биринчи май райондук сотунун өкүмүнө каршы апелляциялык арызды өзгөртүүлөр менен жаңыдан сунуштаганы себеп болгон.

Ага чейин 14-июнда “Массалык башаламандыктар” жана “Бийликти күч менен басып алуу” беренелери менен шек саналган 22 саясатчы жана активисттер Биринчи май райондук сотунда акталган. Эртеси, 15-июнда президент Садыр Жапаров сот чечимине комментарий берип, “эгер мен сот болсом, бул иштин уюштуруучуларына кандайдыр бир жаза берет элем, жок дегенде айып пул же пробация” деген.

4-октябрдагы сот жараянында адвокаттар судьялар коллегиясына ишенбөөчүлүк көрсөткөн. Судья алардын өтүнүчүн канаттандырган эмес.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин билдирген 27 саясатчы, активист жана укук коргоочу 2022-жылы октябрда камалган.

Милиция аларга Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” жана “Бийликти күч менен басып алуу” беренелери менен айып таккан. Шектүүлөр мунун баарын саясий куугунтук катары сыпаттаган.

Кемпир-Абад иши 2023-жылы июнь айында сотко өтүп, Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө башкармалыгы ишке “жашыруун” грифин койгон. (MKt)

Дагы караңыз

Эл акыны Рамис Рыскулов эскерилдиЧелябинскиде cыгандарга каршы башаламандыктан кийин ондогон киши кармалдыСахаров сыйлыгы венесуэлалык оппозиционерлерге берилдиБаткенде быйыл сел чыгымы 213 млн сом болду