Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:26

Сахаров сыйлыгы венесуэлалык оппозиционерлерге берилди


Мария Корина Мачадо жана Эдмундо Гонсалес.
Мария Корина Мачадо жана Эдмундо Гонсалес.

Европа парламенти бейшемби, 24-октябрда жыл сайын берилчү Андрей Сахаров атындагы "Ой жүгүртүү эркиндиги" үчүн сыйлыгын венесуэлалык оппозиция лидерлери Мария Корина Мачадо жана Эдмундо Гонсалеске ыйгарды.

Сыйлык "эркиндикти жана демократияны калыбына келтирүү үчүн күрөшкөн Венесуэла элинен" болгону үчүн берилди. Бул тууралуу Reuters жана AFP Европа парламентине шилтеме кылып жазды.

Венесуэлада президенттик шайлоо 28-июлда өткөн. Оппозиция шайлоо бекеттеринин 78% протоколдорун алышканын, анда Гонсалес Мадурону эки эсе көп добуш менен утканы айкын экенин айтып чыгышкан.

Президент Николас Мадурого баш ийген Шайлоо комиссиясы азыркы мамлекет башчы добуштардын 51,2%, ал эми Гонсалес 44,2% алганын жарыялаган.

Мадуронун жеңишине каршы өлкөдө жапырт башаламандыктар тутанып, шайлоонун жыйынтыгына нааразы миңдеген адам баш калаа Каракастын борборуна чыгышкан.

Августта прокуратура 75 жаштагы Эдмундо Гонсалеске жана 56 жаштагы Мария Корина Мачадого кылмыш ишин козгоп, аларды мыйзамдарга баш ийбей, жалган маалымат таратууга, документтерди бурмалоого, маалыматтык системалардагы диверсияга, кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө катышууга айыптаган.

3-сентябрда сот прокуратуранын өтүнүчү менен Эдмундо Гонсалести камоого ордер чыгарган. Ушундан кийин Эдмундо Гонсалес өлкөдөн чыгып кеткен. Гонсалес бир нече күн Испаниянын Каракастагы элчилигинде болуп, Мадридден саясий башпаанек сураганы айтылган.

"Эдмундо менен Мария бийликтин эркин, адилет жана тынч алмашуусу үчүн күрөштү улантууда жана миллиондогон венесуэлалыктардын жана бул парламенттин баалуулуктарын: адилеттүүлүк, демократия жана мыйзам үстөмдүгүн коркпостон коргоп жатышат", - деди Европарламенттин төрайымы Роберта Мецола.

"Европарламент Венесуэла элин, Мария жана Эдмундону өз өлкөсүнүн демократиялык келечеги үчүн күрөшүндө колдойт. Биз Венесуэла жана демократия акыры жеңет деп ишенебиз", - деп кошумчалады ал.

Венусуэлалык оппозиционерлердин талапкерлигин оңчул Европалык элдик партиясы сунуштаган.

Сыйлык советтик физик, диссидент, укук коргоочу, Нобелдин тынчтык сыйлыгынын лауреаты Андрей Сахаровдун урматына 1988-жылы негизделип, адам укуктарын, демократияны коргогон адамдарга жана уюмдарга тапшырылып келет.

Былтыр Сахаров сыйлыгы ирандык студент, маркум Махса Аминиге жана “Аялдар. Жашоо. Эркиндик” кыймылына ыйгарылган.

Амини 2022-жылы хижаб кийүү эрежесин бузган деген кине менен кармалып, жабык жайда көз жумгандан кийин Иранда ири нааразылык акциялары тутанган. Митинг, демонстрацияларда “Аялдар. Жашоо. Эркиндик” деген ураандар жаңырган.

Европарламент Сахаров сыйлыгын 2022-жылы украин элине, 2021-жылы орусиялык оппозициялык саясатчы Алексей Навальныйга ыйгарган.

XS
SM
MD
LG