Челябинскиде cыгандарга каршы башаламандыктан кийин ондогон киши кармалды

Орусиянын Челябинск облусундагы Коркино шаарында бейшембиде болгон массалык башаламандыктан кийин ондогон адам кармалды. Башаламандык такси кызматында иштеген жергиликтүү тургун бычак жеп, каза болгондон кийин башталган. Анын сөөгү өзүнүн автоунаасынан табылган.

Бейшемби күнү кечинде Коркино шаарынын тургундары cыган диаспорасынын өкүлүнүн үйүнүн алдына чогулуп, сырттан келген эки адамдын күнөөлүү экенин айтышкан. Жергиликтүү Телеграм-каналдар жана окуянын күбөлөрү билдиргендей, чогулгандар үйгө таш жана ичинде күйүүчү зат куюлган бөтөлкөлөрдү ыргытышкан. Окуя болгон жерге атайын даярдыктагы бөлүктүн кызматкерлери келип, чогулгандарды тараткан.

Топтолгондор сыгандарга тийиштүү делген шаардагы эки үйдү, бир нече автоунааны өрттөшкөн. Челябинск облусунун Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгы өрт өчүрүлүп жатканын билдирди.

Аймактын губернатору Алексей Текслер Коркиного анын эки орун басары жана Улуттук гвардиянын күчтөрү чыгып кеткенин, каза болгон аялдын үй-бүлөсүнө "колдоо жана жардам" берилерин билдирди.

Жергиликтүү 74.ru басылмасы сыган диаспорасынын өкүлдөрү кошуна Еманжелинск шаарында жапырт чыгып кетип жатканын жазды. Маалыматка караганда, полицияга кеминде 30 киши жеткирилди.

Ошондой эле таксиде иштеген аялды өлтүрүүгө шек саналып 17 жаштагы өспүрүм кармалганы кабарланды. Алдын ала алынган маалыматтарга караганда, таксист менен жүргүнчү ортосунда пикир келишпестик болуп, шектүү айдоочунун көкүрөгүнө 3-4 жолу сайып жиберген.

Аймактык Тергөө комитети өспүрүмдүн кылмышка тиешеси бар-жогу ырастала электигин билдирди.

Дагы караңыз

Сахаров сыйлыгы венесуэлалык оппозиционерлерге берилдиБаткенде быйыл сел чыгымы 213 млн сом болдуТуманбаев бир нече курулуш компаниясынан ондогон батир мамлекетке алынганын айтты 24-октябрь: Түркия күрт жоочуларына сокку урганын билдирди, абактагы Төрөкулова айып изоляторуна камалды