Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:37

Туманбаев бир нече курулуш компаниясынан ондогон батир мамлекетке алынганын айтты


Мамлекеттик ипотекалык компаниясы салып жаткан турак жайлардын бири.
Мамлекеттик ипотекалык компаниясы салып жаткан турак жайлардын бири.

Президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев бир катар курулуш компаниялары мыйзамсыз жерге үй салганы үчүн ондогон батирди мамлекетке өткөрүп бергенин билдирди. Бул тууралуу 24-октябрда социалдык тармактар аркылуу түз эфирде айтты.

“Укук коргоо органдары, УКМК “Кут” жана “Нурзаман” курулуш компанияларынан 720дан батир, “Ааламстройдон” 62, “Билдинг Делюкстан” 45 батирди мамлекеттин эсебине өткөрүп берди. Бул батирлер Мамлекеттик ипотекалык компанияга берилди. Аларды үлүштүк негизде ипотекага алсаңыздар болот”, - деди Туманбаев.

Ал дагы бир нече компаниянын салып жаткан турак жайларынан батирлер алынганын кошумчалады.

Аталган курулуш компаниялар Туманбаевдин айтканы боюнча комментарий бере элек.

Мамлекеттик ипотеканын ишинин жанданышы менен турак жай кооперативдери азайып баратканын жана курулуш компанияларына коюлган талаптар да күчөтүлгөнүн билдирди.

Күн-Туу айылында жеке курулуш компаниясы турак жай салуу үчүн алып, бирок курулуш жүрбөгөн 31 гектар жер мамлекетке кайтарылганын, ал жерге мамлекеттик ипотекалык компаниянын эсебинен 7 миң 500 батирлүү турак жай салына турганын белгиледи.

Туманбаевдин белгилешинче, Бишкек шаарынан батир алуу үчүн кезекке тургандардын саны ар ай сайын 300-350 адамга көбөйүп жатат, борбор калаада жалпысынан 18 миң батирдин курулушу башталган. Быйыл Мамлекеттик ипотекалык компания салып жаткан турак жайлардын алгачкылары ээлерине бериле баштайт.

Маалыматка ылайык, өлкө боюнча 610 көп кабаттуу үйдө 32 миң 777 батирдин курулушу жүрүп жатат.

Президент Садыр Жапаров быйыл жыл башында "Менин үйүм 2021-2026" программасынын негизинде жарандарды социалдык турак жай менен камсыздоого багытталган жарлыкка кол койгон. Аны чечмелеп Фейсбукка пост жазган мамлекет башчы Мамлекеттик ипотекалык компания жалпы 40 райондо, 32 шаарда жана жети облустун борборунда көп кабатуу үйлөрдү кура баштай турганын билдирген.

Президент ошондой эле мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү бийликтин карамагындагы жер тилкелерин аныктап, аларды МИКке мөөнөтсүз пайдаланууга өткөрүп берүү тапшырмасын койгон. Март айында Мамлекеттик ипотекалык компания Президенттин иш башкармалыгынын карамагына өткөн. (TAb)

Шерине

XS
SM
MD
LG