Президент Жапаров Кыргызстан адилеттүү жана басмырлоосуз экономикалык тартипти жактаарын белгиледи

Садыр Жапаров БРИКС уюмунун саммитине катышууда. 24-октябрь, 2024

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 24-октябрда Казань шаарында (Татарстан Республикасы) өтүп жаткан XVI БРИКС+ саммитинин кеңейтилген форматтагы пленардык жыйынында сөз сүйлөдү. Мамлекет башчы Кыргызстан БРИКСтин ишкердикти, санариптик жана экологиялык таза технологияларды өнүктүрүү, климаттык көйгөйлөрдү чечүү боюнча максаттарына кошуларын билдирди. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

“Кыргызстан адилеттүү жана басмырлоосуз эл аралык экономикалык тартипти, дүйнөлүк экономиканын жыргалчылыктарына жана заманбап технологияларга жеткиликтүүлүктү жактайт. БРИКС трансчекаралык төлөмдөрүнүн альтернативдүү механизмдерин, санариптик мүмкүнчүлүктөрдү пайдалануу менен жаңы финансылык инструменттерди иштеп чыгуу, төлөм инфраструктурасын өркүндөтүү регионалдык жана глобалдык масштабда сооданын өсүшүнө жана натыйжалуулугуна өбөлгө түзөт деп ишенем”, - деди мамлекет башчы.

Жапаров Кыргызстан Жаңы өнүктүрүү банкы менен, өзгөчө БРИКС өлкөлөрүндөгү өнүгүп келе жаткан мамлекеттердеги инфраструктуралык жана туруктуу өнүктүрүү долбоорлорун каржылоонун алкагында кызматташууга кызыкдар экенин белгиледи. Ошондой эле жакырчылыкты жоюу, инфраструктураны өнүктүрүү жана глобалдык чакырыктарга туруктуулукту жогорулатуу максатында банктын ролу өсөт деген ишенимин айтты.

Садыр Жапаров БРИКС уюмуна катышуу үчүн Казан шаарында 23-октябрда барган.

БРИКС уюму 2009-жылы расмий түзүлгөн. Ал баштапкы түзүүчүлөрү Бразилия, Орусия, Индия, Кытай жана Түштүк Африка Республикасынын баш тамгаларынан улам аталган уюм. Учурда ага Бразилия, Орусия, Индия, Кытай, Түштүк Африка Республикасы, Египет, Бириккен Араб Эмирликтери, Сауд Аравиясы, Эфиопия жана Иран мүчө.

Орусиянын маалыматына ылайык, бул ирет бирикмеге 34 мамлекет ар кандай формада кошулууга кызыкдарлыгын билдирген.

Алдыда Сирия, Тайланд, Малайзия, Азербайжан жана Түркиянын мүчө болору күтүлүүдө. Борбор Азия чөлкөмүнөн Казакстан уюмга кошулбай турганын билдирген. (КЕ)

Дагы караңыз

Зеленский БУУ Уставынын максаты тууралуу эскерттиПольшада мыйзамсыз миграция уюштурууга шектелген 11 киши кармалдыБишкекте балдардын канынан коргошундун уусунун деңгээлин текшерүү боюнча изилдөө башталдыОрусия Украинанын 11 аймагын дрон жана ракета менен аткылады