Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:26

Зеленский БУУ Уставынын максаты тууралуу эскертти


Владимир Зеленский.
Владимир Зеленский.

Украина президенти Владимир Зеленский Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Уставы "согушту жөнгө салуу" эмес, чыныгы тынчтык максатын көздөй турганын эскертти. Бүгүн, 24-октябрда Ригадагы "Крым платформасынын" парламенттик саммитинин катышуучуларына кайрылуусунда ал Түндүк Кореянын аскерлерин Украинага каршы фронтко жөнөткөнү жаткан Орусияда БРИКС саммити өткөн маалда БУУ "чыңалууга жол бербөө керек" деген ураандарын айтканын сындады.

Орусияны эл аралык укукту бузган өлкө деп айыптаган Зеленский мындай абал 2014-жылы түзүлө баштаганын айтты:

"Дал ошондо, Крымды басып алганда Орусиянын эл аралык укук системасына каршы чабуулу башталган. Бирок башка элдин жерин уурдоо, каршылык көрсөткөн адамдарын башка жакка качууга мажбурлоо, бүтүндөй бир улуттун тагдырын талкалоо деген сыяктуу Орусия жасап жаткан нерселерди эл аралык коомчулук эч качан кабыл албайт. Бардык мамлекеттер үчүн эгемендигин, аймактык бүтүндүгүн, келечегин өз алдынча аныктоо укугун коргоо бирдей баалуу. БУУнун Уставы дагы мына ошого негизделген", - деди Зеленский.

Ал "Бүгүн БУУ күнү кайсы бир Казанда эмес, бүткүл дүйнө аймагында" деп кошумчалады.

2008-жылы Орусия президенти Владимир Путин "Крым талаштуу аймак эмес. Орусия Украинанын азыркы чек арасын тааныйт" деп айткан. Ал эми 2014-жылы Крымды аннексиялап алган. 2022-жылы Украинага аймактык доо артып, толук масштабдуу согуш ачкан.

Бул күндөрү Орусиянын Казан шаарында БРИКС саммити өтүүдө. Ага БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш да барды.

БРИКСтин былтыркы саммити кезекке ылайык Түштүк Африка Республикасында өткөн. Ага орус президенти Владимир Путин катышкан эмес. Себеби Гаагадагы эл аралык кылмыш сотунун аны ошол сотко мүчө мамлекетке бара турган болсо камакка алуу тууралуу ордери бар. БРИКС курамында тогуз мамлекет бар – Бразилия, Орусия, Индия, Кытай, Түштүк Африка Республикасы, Египет, Эфиопия, Иран жана Бириккен Араб Эмирликтери.

24-октябрь БУУ күнү. (RK)

Шерине

XS
SM
MD
LG