Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:43

Бишкекте балдардын канынан коргошундун уусунун деңгээлин текшерүү боюнча изилдөө башталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкекте 6 жашка чейинки балдардын канындагы коргошундун уусунун деңгээлин текшерүү боюнча изилдөө иштери башталды. Бул тууралуу Республикалык Ден соолукту чыңдоо борбору кабарлады. Изилдөө иштери №1 Үй-бүлөлүк медицина борборунда өтүп жатат.

Изилдөөлөргө ылайык, дүйнөдөгү ар бир үчүнчү баланын канында туруктуу неврологиялык, когнитивдик жана кыймыл аракетине зыян келтириши мүмкүн болгон коргошундун уусунун кайсы бир көлөмдө өлчөмү бар. Мектепке чейинки курактагы балдар нерв системасы калыптануу стадиясында болгондуктан коргошундун уусунун зыяндуу таасирине кабылышы ыктымал.

Калктын бул боюнча маалыматы жетишсиздигине жана адистердин этиятсыздыгына байланыштуу коргошун менен ууланган учурлардын көпчүлүгү билинбей калат. Жогорку дозаларды айтпаганда, коргошун менен ууланууну кандан анализ алмайынча аныктоо өтө кыйын же мүмкүн эмес.

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматы боюнча коргошун менен уулануу айлана-чөйрөнүн булганышына байланыштуу кеңири тараган. Эң кооптуусу, коргошунлун уусу адамдын организмине байкалбай кирип, өзгөрүүлөр көпкө чейин билинбейт. Мындай учурларда анын организмдеги терс таасирин аныктоо үчүн атайын медициналык текшерүүлөрдү үзгүлтүксүз жасап туруу зарыл. (КЕ)

XS
SM
MD
LG