Күч кызматкерлерин каралоо көбөйдүбү?
Мыйзам демилгечилери соңку учурларда ички иштер органдарынын кызматкерлерине баш ийбей, мазактап, алардын ишине мыйзамсыз кийлигишип, каралоо үчүн сүрөт, видеого тартып социалдык тармактарга жайылткан учурлар көбөйгөнүн белгилейт.
Долбоордун негиздеме катында 2022-жылы милициянын талаптарына баш ийбеген 83 факты, 2023-жылы 128 факты катталганы жазылган.
22-октябрда парламенттин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин жыйынында долбоордун авторлорунун бири, депутат Сүйүн Өмүрзаков мыйзамдын максатын түшүндүрдү.
“Укук коргоо органдарынын кетирген каталарын, укук бузууларын тарткан жарандар жоопкерчиликке тартылбайт. Ошондуктан долбоордо так жазылып турат. Кызматын аткарып жаткан кызматкердин ишине кийлигишип, жолтоо болуп, каралоо максатында тартып, монтаждап, интернетке тараткан адамдар гана жоопкерчиликке тартылат”, - деди Өмүрзаков.
Мыйзам бузса, 5000 сом төлөп же жети суткага камалат
Мыйзам кабыл алынса, жогорудагы айтылган талаптарды бузгандар 5 миң сом айып пул төлөйт же 5-7 сутка камалат. Азыр долбоор Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинде кабыл алынды. Эми жалпы сессияга чыгарылат.
Мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлгандан баштап ар кандай сынга кабылып, бир катар жарандык активисттер бул демилгеге каршы чыгышты.
Бир топ жылдан бери күч органдарынын мыйзамсыз аракеттерин видеого тартып, социалдык тармактарда жарыялап келген блогер, президенттин мурдагы кеңешчиси Болот Ибрагимов депутаттардын демилгесин сындагандардын бири.
“Укук бузуулар боюнча жоопкерчиликке тартуу үчүн бир нече мыйзамдар бар. Укук бузуп же кылмыш кылган адамды жоопко тартуу үчүн велосипед ойлоп табыштын кереги жок. Алар сунуштап жаткан демилге “полиция мамлекетине” алып келет жана өлкө 10 жылга артка кетет. Мен бардык депутаттарды бул мыйзам долбооруна жоопкерчиликтүү карап, ага каршы болууга чакырам”, - деди блогер.
Дагы караңыз
Ибрагимов: МАИ кызматкерлерин видеого тартууга тыюу жокИбрагимов сыяктуу блогерлер Кыргызстанда күч кызматкерлери, анын ичинен жол коопсуздугун камсыз кылган инспекторлор айдоочулардан пара талап кылып, орой мамиле жасап, кылмышты жашыруу сыяктуу мыйзам бузган учурларын ашкерелеп, алар жазага тартылган учурлар арбын.
Эми мыйзам кабыл алынса, күч органдарынын ар кандай мыйзамсыз аракеттерин далилдөө мүмкүн болбой калат деп тынчсыздангандар бар.
Кызмат абалынан кыянат пайдалануу күчөйт
"Медиа полиси институту " коомдук фонду парламент депутаттарын бул мыйзам долбоорун колдобоого чакырып, авторлорду аны кайтарып алууга үндөөдө. Уюмдун 23-октябрдагы кайрылуусунда мыйзам долбоорунун айрым беренелери укук коргоо кызматкерлеринин кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануусуна алып келери эскертилген.
"Конституцияга ылайык, жарандар оюн эркин айтууга, ошондой эле укук коргоо кызматкерлеринин мыйзамсыз иштери тууралуу ачык айтууга укуктуу. Долбоор укук коргоо органынын кызматкерине нааразы тараптын аракетин өзү каалагандай көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк берет. Муну менен жарандын аракети ээнбаштык же каршылык экенин аныктоо укук коргоо кызматкеринен гана көз каранды болуп калат. Бул кызмат абалынан пайдаланууга, ээнбаштык менен каршылыктын туура эмес көрсөтүлгөнүнөн улам, жаранды 5-7 суткага эркиндигинен ажыратууга алып келет", - деп айтылат кайрылууда.
"Медиа полиси институтунун" юристтери мындай сунуш ишке ашса, жарандардын укугу чектелип, элдин укук коргоо кызматкерлерине, мамлекетке болгон ишеними азайарын кошумчалаган.
Ички иштер министрлигинин (ИИМ) мурдагы кызматкери Улан Жумаков милицияны атайлап каралагандарга чара көрүлүшү керек деп эсептейт.
“Кызматта, формачан машинеде жүргөндөрдүн туура эмес иштерин тартса мейли. Бирок чагымчыл блогерлер атайын "хайп" кармоо максатында видео тартышат. Эгерде экспертиза ал видеодо чагым, жалаа бар экенин аныктаса, блогер жазага тартылышы керек”, - деди Жумаков.
Мыйзам демилгечилери долбоор мамлекеттик кызматкерлерин укугун коргоо, укук коргоо органдарынын беделин көтөрүү, аларга карата элдин ишенимин жогорулатуу максатында иштелип чыкканын айтышат.
Мыйзамды мурдагы орган кызматкерлери сунуштады
Блогер Болот Ибрагимов документтин авторлорунун мурда орган кызматкерлери болгонуна көңүл бурду.
“Мыйзам долбоорунун авторлорунун көпчүлүгү ички иштер органдарында жана күч кызматтарында иштегендер. Алардын бири ички иштер министринин орун басары болгон. Ал Ички иштер министрлигинин ишмердигинин сапатына жоопкер болгон. ИИМ азыркы күнгө чейин коррупциялашкан органдардын бири катары саналат. Бул элдин күнөөсү эмес. Буга жетекчилери күнөөлүү жана алардын бири азыр бул мыйзамды сунуштап жатат”, - деди Ибрагимов.
Долбоорду депутаттар Сүйүн Өмүрзаков, Винера Раимбачаева, Алишер Эрбаев, Кундузбек Сулайманов, Ырысбек Атажанов иштеп чыккан.
Сүйүн Өмүрзаков көп жылдар бою ички иштер органдарында иштеп, 2016-2021-жылдары ички иштер министринин орун басары болгон. Ал өзү сунуштаган долбоор каралоо максатында тартылып, монтаждалып, интернетке чыгарылган учурларга гана тиешелүү болот деп айтууда.
Кундузбек Сулайманов 1993 жылдан 2014-жылга чейин ички иштер органдарында иштеп, Ош шаардык жол коопсуздугун камсыз кылуу башкармалыгынын башчысына чейин көтөрүлгөн.
Ырысбек Атажанов 2006-2008-жылдары Ички иштер министрлигинде иштеген.
Алишер Эрбаев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетте көп жыл эмгектенген. Мындан сырткары Бажы кызматында, Каржы полициясында дагы иштеген.