"Сөз эркиндигин, эркин пикир укугун чектейт". Талаштуу долбоор биринчи окуудан өттү

Коллаж

Жогорку Кеңеш интернет жана жалпыга маалымдоо каражаттарында жалаа жабуу жана мазактоого айып пул салган мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алды.

"Баш мыйзамга каршы келет"

Мыйзам долбоору 23-октябрдагы парламент жыйынында кызуу талкууланып, каршы болгондор сөз эркиндигин чектөө экенин айтса, колдогондор интернетте жоопкерчилик керек экенин жүйө кылышты.

Эл өкүлү Дастан Бекешев бул долбоор аткаминерлерге гана иштей турганын айтып, Маданият министрлигине соттун укугу берилип жатат деп сындады.

Дастан Бекешев.

“Жарандар бир топ укуктарынан ажырайт. Маданият министрлигине соттун укуктарын берип жатабыз. Бул туура эмес. Жарандык кодексте так жазылып турат. Ар бир жаран өзүнүн ар-намысын сот аркылуу коргошу керек. Конституцияда дагы ушундай жазылган", - деди Бекешев.

Депутат Дастан Жумабеков Конституциядагы жарандардын эркин пикирин айтуу кепилдиги боюнча беренелер менен сөз болуп жаткан долбоордогу карама-каршылыкты Башкы прокуратурадан сурады.

Башкы прокурордун орун басары Үмүткан Конкубаева көзөмөл орган мыйзамды иштеп чыгуу боюнча пикирин билдиргенин айтты.

Үмүткан Конкубаева

“Ар бир адамдын укугу боюнча бул мыйзамды иштеп чыгуу жөнүндө өзүбүздүн позициябызды жазып бергенбиз. Сиз белгилеген нормаларды катыбызда көрсөткөнбүз”, - деди ал.

Долбоорду колдогон депутаттардын бири Камила Талиева сөз эркиндиги менен кошо жоопкерчилик маселесин белгилеп, мыйзам баарына тегиз иштеши керектигин айтты.

“Ким сүйлөсө, ага жооп бергидей факты менен айтышы керек. Ар бир нерсенин эки жагы бар. Экинчи жагы, кош стандарт болуп калбашы керек. Мыйзам кимдир бирөө үчүн гана иштеп калбашы зарыл", - деди Талиева.

"Бул мыйзам - заман талабы"

Баяндамачы, юстиция министринин орун басары Орозбек Сыдыков депутаттардын айып пулдун көлөмүн азайтуу сунушу каралып жатканын айтып, бирок мыйзамды кабыл алуу заман талабы экенин кайталады.

Орозбек Сыдыков.

“Эгер адам кандайдыр бир ой-пикирин, конструктивдүү сынын айтса туура болот. Бирок интернетте башка бирөөгө адепсиз формада жалаа жаап жатса, анын кесепетинен адамдар психологиялык жактан жабыркап, үй-бүлөсүнө доо кетет. Жашы жетпеген балдар суицидге барат. Бул жерде адам арыз берген учурда гана каралат. Социалдык теңдүүлүк принциби боюнча адамдын эркиндиги жана укугу бирөөнүн укугун буза баштаганда чектелет”, - деди Сыдыков.

"Саясатчы сындарга чыдашы керек"

Жогорку Кеңештин депутаты Балбак Түлөбаев мыйзам долбоорун кубаттап, социалдык тармактарда ээн ооз адамдын жоопкерчилиги каралышы керек деп эсептейт.

Балбак Түлөбаев.

“Пикириңди билдирсең сени эмне деп гана айтып жатышат. Айта беришсин, бирок башка нерселерди дагы айтып жатышат. Алар кимдер? Укук коргоочулар, журналист болуп алган саясатчылар. Саясатчы болсо саясатка келип күрөшүү керек. Биз коомду иретке салып алалы, коом өнүгүп келе жатканда кара мүртөз душмандар буттан чалбасын деп жатабыз. Мунун эмнеси жаман?" - деди депутат.

Депутаттар Кундузбек Сулайманов, Надира Нарматова жана Сүйүн Өмүрзаков дагы мыйзам долбоорун кубатташты. Өмүрзаков айып пулдун суммасын да туура деди:

“Коомдо талкуу болуп жатат. Бирөө айып пулдун суммасын көп десе, кээ бири андан дагы көбөйтүп, миллионго чыгарыш керек дешет. Туура, себеби алар жаны ачыгандар. Алардын башынан мындай нерселер өткөн. Ким башынан өткөрсө түшүнөт. Аларды мазактап, кемсинтип, жалаа жабышкан”.

Депутат Дастан Бекешев саясатчылар ар кандай сынга чыдамкай болушу керек экенин айтып, кесиптештерин мыйзамды колдобоого чакырды.

“Депутаттар айтып жатышат, “менин башымдан өткөн” деп. Анда саясатка келбесин. Чыдабаса, ошончолук назик болсо, үйдө отурсун. Саясатка келгенден кийин чыдаш керек”, - деди эл өкүлү.

Адамдын кадырын коргоого мыйзамдар жетиштүү

Депутат Чыңгыз Айдарбеков жалган жалаа үчүн чара көрүү укугун Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине берүү мекеменин ишмердигине коошпой турганын белгилеп, мындай учурлар жарандык иш катары сотто чечилиши керектигин айтты.

Депутат Айсулуу Мамашова айып пулдун көлөмү өтө чоң экенин айтып, жалган маалыматка каршы күрөшүү үчүн фейк-фермаларды тыюуну сунуштады.

Депутат Жанарбек Акаев адамдын кадыр-баркын коргоого азыркы мыйзамдар деле жетиштүү экенин билдирди.

Жанарбек Акаев.

“Маданият министрлиги каршылашкан эки тарапты отургузуп алып кантип сурайт? Түшүнбөдүм. Маданият министрлиги эмес, сот карасын деп коёлу. Экинчи сунушум, 200 миң эмес, 2000 сом, 100 миң эмес, 1000 сом айып кылып коёлу”, - деп сунуш киргизди депутат.

Ошентип, талаш-талкуудан кийин мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеш биринчи окууда жактырды.

Ага алты депутат - Чыңгыз Айдарбеков, Жанарбек Акаев, Сейитбек Атамбаев, Дастан Бекешев, Айсулуу Мамашова, Элвира Сурбалдиева “каршы” добуш берди.

Укук бузуулар кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун Министрлер кабинети сунуштап, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен Юстиция министрлиги иштеп чыккан.

  • Аталган мыйзам кабыл алынса, жалган кабар, пост же комментарий жазган колдонуучулар 100 миң сом, андай маалымат чыгарган медиалар 200 миң сом айып пул төлөөгө милдеттендирилет. Демилгечилер Укук бузуулар кодексине өзгөртүү киргизүүгө маалымат каражаттары жана интернет-ресурстар аркылуу мазактоо жана кемсинтүү учурлары көбөйгөнү себеп болгонун айтып келишет.

Президенттин пикири

28-сентябрда президент Садыр Жапаров интернет жана жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу жалаа жабуу жана мазактоого айып пул салган мыйзам долбоору жөнүндө “Кабар” улуттук маалымат агенттигине маек куруп, демилгени колдой турганын, бирок 100-200 миң айып салууга каршы экенин белгилеп, анын суммасын “депутаттар чечсин” деген.

Кыргызстанын президенти Садыр Жапаров

“Ошол эле депутаттар же ЖМКлар болобу, сунуштарын берсин, алымча-кошумча кылышсын. Мен дагы 100-200 миң сом айып салуу дегенге каршымын. Муну парламенттин кароосуна коюш керек. Канча айып пул салыш керек, аны депутаттар чечет. Бул мыйзам эмне үчүн керек? Азыр элибиздин дээрлик 95% интернет колдонот. Эки кошуна бири-бири менен интернет аркылуу урушуп жаткан заман. Социалдык түйүндөргө бири экинчисинин абийирин төккөн маалыматтарды жарыялап салат. Анан экөө соттошот. Маалымат жалган болуп чыгат. Сотто кечирим сурап же төлөчүсүн төлөп берип, анан тынчып атышат. ЖМКлар менен бийликтин ортосунда дагы так ушундай эле жагдай. ЖМКлар бийликтегилер жөнүндө жалган маалымат таратып жиберишет. Анан кайра кечирим сурап, ал маалыматты өчүрүшөт”, - деген Жапаров.

Жарандык коомдун каршылыгы

Жарандык коом, бир катар эл аралык уюмдар мыйзам өлкөдө пикирин ачык айтуу укугун жана сөз эркиндигин чектейт деп, анын кабыл алынышына каршылыгын билдиришүүдө.

Интернет жана жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу жалаа жабууга жана мазактоого айып пул салган мыйзам долбоорун талдап чыккан журналист Семетей Аманбеков бул көз карандысыз маалымат каражаттарына, эркин журналисттерге каршы иштеген гана мыйзам болот деген пикирде:

"Үч-төрт жыл мурун кабыл алынган Гүлшат Асылбаеванын фейк маалыматтар тууралуу мыйзамы жалаң көз карандысыз маалымат каражаттарына каршы иштеди. "Азаттык", 24 kg сайттары убактылуу бөгөттөлдү. "Клооп Медиа" жабылды. Мыйзам кабыл алынгандан бери бир да фейк маалымат расмий жокко чыгарылган жок, интернетте фейк-аккаунттар жайнап кетти, бирөө да жабылбады".

Буга чейин Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Салкын Сарногоева Укук бузуулар кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорунун демилгечиси президенттик администрация экенин айткан.

Кыргызстанда 2020-жылдан бери социалдык тармактарда пикир билдирип, комментарий жазып же бөлүшкөнү үчүн укук коргоо органдарына суракка чакырылып, иш козголгон же жазага тартылган жарандардын саны 30дан ашканын буга чейин "Азаттык" аныктаган.

Кармалгандардын арасында 70 жаштагы байбиче жана 21 жаштагы студент да бар.