Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Медиа каражаттарында жана интернетте, анын ичинен социалдык түйүндөрдө жалган маалыматтарды тараткандарга айып пул салуу тууралуу мыйзамы кабыл алынса, ал чиновниктер үчүн гана иштейт деген пикирин билдирди. Бул тууралуу 23-октябрда мыйзам долбоору парламентте каралып жатканда айтты.
Бекешев жалаа жабууга айыпталган адам айып пулга жыгылып, андан тышкары жабырлануучунун арызына жараша кенемте төлөп калышы мүмкүн экенин белгиледи.
“Жол кырсыгына кабылган айдоочуга 10 миң айып салынса, бир чиновник жөнүндө жазып койсоң 100 миң сом төлөйсүң. Бул жөнөкөй кишилерге иштебейт. Бул жерде айрым депутаттар “менин башымдан өткөн” деп айтып жатышпайбы. Сынга чыдабаса, анда саясатка келбесин да. Назик болуп үйдө отурушсун”, - деди Бекешев.
Депутат Чыңгыз Айдарбеков да жалган жалаа үчүн чара көрүү укугун Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине берүү ал мекеменин ишмердигине коошпой турганын белгилеп, мындай учурлар жарандык иш катары сотто чечилиши керектигин айтты.
Депутат Айсулуу Мамашова айып пулдардын көлөмү өтө чоң экенин айтып, жалган маалыматка каршы күрөшүү үчүн өкмөткө фейк-фермаларды тыюуну сунуштады.
Депутаттар Кундузбек Сулайманов, Надира Нарматова мындай чара замандын талабы экенин айтып, мыйзам долбоорун кубаттай турганын билдиришти.
Интернет жана жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу жалаа жабууга жана мазактоого айып пул салган мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеш 23-октябрдагы отурумунда 1-окууда карап жатат.
Укук бузуулар кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун Министрлер кабинети сунуштап, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен Юстиция министрлиги иштеп чыккан. Аталган мыйзам долбоору кабыл алынса, жалпыга маалымдоо каражаттарында, интернет тармагындагы сайтта, сайттын баракчасында социалдык тармактарды колдонуу менен жалган маалыматтарды таратууга тыюу салынат.
Жалган кабарларды же пост, комментарийлерди жазган колдонуучулар 100 миң сом, андай маалымат чыгарган медиалар 200 миң сом айып пул төлөөгө милдеттендирилет. Демилгечилер Укук бузуулар кодексине өзгөртүү киргизүүгө маалымат каражаттары жана интернет-ресурстар аркылуу мазактоо жана кемсинтүү учурлары көбөйгөнү себеп болгонун айтып келишет.
Жарандык коом, бир катар эл аралык уюмдар мыйзам өлкөдө пикирин ачык айтууну жана сөз эркиндигин чектейт деп, анын кабыл алынышына каршылыгын билдиришүүдө.