Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:36

Бишкекте футбол академиясы жана машыгуу базасы ачылды


Бишкекте Кыргыз футбол биримдигинин Улуттук футбол академиясыжана Орок айылында футбол боюнча Кыргызстандын курама командалары үчүн “Мурас Юнайтед” машыгуу базасы ачылды.

Ачылуу аземине президент Садыр Жапаров, Азия футбол конфедерациясынын (АФК) gрезиденти, шейх Салман бин Ибрагим Аль-Халифа катышты.

Улуттук футбол академиясы 3,374 гектар аянтты ээлейт жана заманбап спорттук объектилерди камтыйт: табигый жана жасалма чөптүү футбол талаалары, машыгуу аянтчалары, мейманкана комплекси, футзал оюндарын өткөрүү үчүн спорттук зал, трибуналар, кафетерий жана спортчуларды даярдоо үчүн башка керектүү курулмалар.

Академиянын курулушу эл аралык жана жергиликтүү уюмдардын, анын ичинде ФИФАнын, Азия футбол конфедерациясынын, футболду колдоо фондунун жана Кыргыз футбол биримдигинин каржылык колдоосу менен ишке ашкан.

“Мурас Юнайтед” машыгуу базасы.
“Мурас Юнайтед” машыгуу базасы.

Кыргызстандын курама командалары үчүн “Мурас Юнайтед” машыгуу базасы 3,5 гектар аянтта жайгашып, эл аралык стандарттарга жооп берген заманбап инфратүзүмдү камтыйт.

Базанын негизги объектиси – бул жалпы аянты 10 356 чарчы метр болгон мейманкана комплекси менен 6 кабаттуу имарат. Анда командалар үчүн кийим алмаштыруучу бөлмөлөр, СПА-зонасы, ашкана, фитнес-залы, офис жайлар, мейманкана, тактикалык класстар, эс алуу зоналары, ошондой эле иш-чараларды өткөрүү үчүн ресторан каралган.

Базанын спорттук комплексинин аймагында жасалма чөп менен капталган эки кичи футбол талаалары жана 420 орундуу трибуналардан турган негизги гибриддик футбол талаасы, 120 орундуу унаа токтотуучу жай бар.(GT)

XS
SM
MD
LG