Кыргызстандын Сейсмология институту маалымдагандай, силкинүү 22-октябрь күнү саат 11:48де Кыргысзстан менен Кытайдын чек арасында катталган.
Күчү очогунда 3 баллга жеткен жер титирөө Алай районунун Эркечтам айылында 2,5 баллга чейин сезилген.
Силкинүүдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
21-октябрга караган түнү кыргыз-тажик чек арасында күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталып, Алай районунун Нура айылында 3,5 балл, Бор-Дөбө айылында 3 баллга чейин сезилген.
17-октябрда Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Бедел, Ыштык айылдарында 4 балл, Кумтөр ишканасында 3 балл Каракол шаарында 2,5 баллга (Бедел айылынан 138 чакырым түштүк чыгышта, Каракол шаарынан 145 чакырым түштүк чыгышта) чейин сезилген.(ZKo)
Дагы караңыз
БРИКС+ саммити: Кыргызстан кандай кадам таштайт? Орусия жана Кытайдын лидерлери БРИКСтин алкагында жолугуштуОрус элчиси Москва Минскиге шайлоодо "тополоңду басууга" жардам берерин айттыBloomberg: Орусиянын көмүскө флотунун танкерлерин Кыргызстандагы фирмалар камсыздандырганЛиван оорукананын жанында өлгөндөр 13кө жеткенин билдирди