Оң рулдуу автоунааларды мыйзамдаштыруу маселеси көтөрүлдү

Кыргызстандагы оң рулдуу унаалар.

Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү комитетинин 22-октябрдагы жыйынында Абхазия, Армения жана Грузиядан ташылган оң рулдуу автоунаалардын маселеси боюнча маалымат берилди.

Ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширхожаев ал унаалардын көбү Кыргызстанга тетик катары ар башка контейнерлер менен алып келинип, бул жактан чогултуларын айтты:

“Бизге түшкөн ыкчам маалымат боюнча, Орусияда армениялык, абхазиялык жасалма техникалык паспортторду жасаган компаниялар бар. Ошол жактан жасатып келишкен. Рейд учурунда армениялык номур менен кармалган 26 унаа боюнча Арменияга кайрылып, алынган расмий маалыматта ал унаалардын бири да ал жакта каттоодо болгон эмес жана бажы каттоосу да жок экени аныкталган”, - деди Аширхожаев.

Бажы кызматынын төрагасынын орун басары Алмаз Салиев январь айында ЕАЭБ өлкөлөрүндө каттоодон өткөн унаалардын документин кароого мүмкүнчүлүк түзүлгөнүн айтты.

Анда Кыргызстанда жүргөн оң рулдуу машинелердин аталган өлкөлөрдө катталбаганы аныкталган.

Август айында Бажы кызматы менен Ички иштер министрлиги өткөргөн рейдде 50 унаа кармалып, анын 28и жасалма номур жана техникалык паспорт менен жүргөнү аныкталган.

Айрым депутаттар бул боюнча тиешелүү органдар толук жооп бере албаганын белгилеп, маселени кийинки жыйындарда кайра кароону сунуштап, колдоо тапты.

ИИМдин буга чейинки маалыматына караганда, Кыргызстанда 17 миңдей автоунаа жүргүнчү ташып иштейт. Анын тең жарымы оң рулдуу. Министрлик жол кырсыктарынын 60% оң рулдуу автоунаалардын айынан болорун белгилеп келет.

Кыргызстанда оң рулдуу машинелерге уруксат берүү боюнча талкуулар утур-утур көтөрүлүп турат. (TAb)

Дагы караңыз

Пхеньян Орусияга аскер жөнөткөнү тууралуу маалыматты "жүйөсүз" деп атадыЕвропарламент Украинага 35 млрд евро насыя берүүнү жактырдыСумыда Орусиянын дрон чабуулунан үч киши каза болду, алардын бири бала"Свобода" радиосу Европа сотунда Орусияга каршы ишти утту Президент Жапаров Казанда БРИКСтин саммитине катышат