Пхеньян Орусияга аскер жөнөткөнү тууралуу маалыматты "жүйөсүз" деп атады

Түндүк кореялык аскерлер. Иллюстрация

Түндүк Кореянын БУУдагы делегациясынын жетекчиси Ким Сон Пхеньян Украинага каршы согушуп жаткан Орусияга аскерлерин жөнөткөнү жөнүндө маалыматтарды "жүйөсүз имиштер" деп атады. Бул тууралуу түштүк кореялык "Ренхап" агенттиги кабарлады.

Ким Сон андай айың кептер өлкөнү каралоо, Орусия менен "дос жана өнөктөш мамилелерге көлөкө түшүрүү үчүн" таратылып жатканын кошумчалады.

Украинадагы согушка аскерлерин жөнөтүп жатат деген маалыматтарды Пхеньян биринчи жолу расмий комментарийледи.

18-октябрда Түштүк Корея коңшусу ушул айдын башында Орусияга 12 миң аскерин, анын ичинен атайын даярдыктагы бөлүктөрүн жөнөтүү чечимин кабыл алганын билдирген. Анын алдында бул тууралуу украин президенти Владимир Зеленский да айтып, Пхеньянды "Кремлге Украинага каршы согушка жардам бериш үчүн аскерлерин жана курал-жарагын жөнөтүп жатат" деп айыптаган.

The Washington Post гезити украин чалгын кызматынын аты аталбаган кызматкерине шилтеме берип, “түндүк кореялык бир нече миң жөө аскер Орусияда машыгып жатканын, Украинадагы майданга жыл аягына чейин жөнөтүлүшү мүмкүн экенин” жазган.

Ал эми Украинанын Коргоо министрлигинин Чалгын башкармалыгынын башчысы Кирилл Будановдун айтымында, Орусия түндүк кореялык 11 миңдей аскерди машыктырып жатат, алар согуштук аракеттерге ноябрда даяр болуп, алгачкылары Курскиге жиберилет.

Буга чейин Сеул Москва Түндүк Кореядан артиллериялык снаряд жана жакынкы аралыкка учуучу ракета алып жатканын билдиргенде Кремль аны төгүндөгөн.

Батыш өлкөлөрү Орусияны ок-дары менен камсыздап жатат деп Түндүк Кореяны бир нече жолу айыптаган.

Дагы караңыз

Кыргызстанда маяна банк эсептерге гана которулат Авиация агенттиги Суданда кулаган учак боюнча түшүндүрмө берди "Манас” аэропорту Судандагы учак кырсыгына байланыштуу комментарий берди Блинкен аймактагы чыңалууну басаңдатуу максатында Израилге барды