Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Октябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:50

Блинкен аймактагы чыңалууну басаңдатуу максатында Израилге барды


Бейруттун жака бели израилдик соккудан кийин. 20-октябрь. 2024-жыл
Бейруттун жака бели израилдик соккудан кийин. 20-октябрь. 2024-жыл

“Хезболла” (Ливандын түштүк аймактарынын көпчүлүк бөлүгүн көзөмөлдөгөн, Иран колдогон жоочулар тобу жана саясий партия) Тель-Авивге жана Хайфадагы аскердик базага жакын жерге ракета атканын билдирди. Жабыркагандар тууралуу маалымат түшө электигин Рейтер агенттиги жазды.

Анын алдында Израил Ливандын түштүгүн жана Бейруттун жака белин аткылаганы кабарланган.

«Хезболланы» АКШ террордук уюм деп тааныган, Европа Биримдиги анын саясий партиясын эмес, куралдуу тобун “кара тизмеге” киргизген. Ливандын парламентинде “Хезболланын” саясий партиясынын депутаттары бар.

Соккулар АКШнын Мамлекеттик катчысы Энтони Блинкендин учагы Израилге коноор алдында болду. Вашингтондун өкүлү Газадагы согушту токтотуу сүйлөшүүлөрүн жандандыруу жана Ливандагы жаңжалды басаңдатуу аракетин көрмөкчү.

Палестин анклавында согуш тутанган былтыркы 7-октябрдан бери Блинкен ушуну менен он биринчи жолу регионго барды.

Мамлекеттик департаменттин атын атабаган расмий өкүлү билдиргендей, башкы дипломат Израилдин Ирандын 1-октябрдагы ракета чабуулуна жооп кайтаруусун талкууламакчы.

Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи Тегеран Жакынкы Чыгышта согуштун тутануусун каалабасын, чыңалууну басаңдатуу аракетин көргөнүн, бирок жаңжалга даяр турганын айтты.

Иран «Хезболланы» жана Газаны башкарган ХАМАС (АКШ жана Еврошаркетте террордук деп таанылган) радикал тобун колдогону менен белгилүү.

Израил Ливандын аймагындагы «Хезболлага» каршы согушун сентябрдын аягында күчөтүп, 1-октябрда бул өлкөнүн түштүгүнө жөө аскерлерин киргизген, ага чейин соккулар абадан урулуп жаткан.

XS
SM
MD
LG