Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Октябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:01

Авиация агенттиги Суданда кулаган учак боюнча түшүндүрмө берди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жарандык авиация агенттиги Суданда кырсыкка кабылган учакка байланыштуу билдирүү таратты. Анда EX-76011 номуру менен катталган ИЛ-76ТД учагы ушул жылдын 12-январында Кыргызстандын реестринен чыгарылып, Суданда катталганы жазылган.

21-октябрда Суданда Ил-76 жүк ташыган учагы кыйраган. Бортунда орусиялыктар болгону кабарланган.

Судандагы кырдаалга көз салган Sudanwarmonitor порталынын маалыматында "Ыкчам колдоо күчтөрүнүн" (RSF) жикчилдери Бириккен Араб Эмирлигинен учуп келаткан Ил-76 жүк ташуучу учагын жаңылып атып түшүргөнү айтылат. Учак "Ыкчам колдоо күчтөрүнө" (RSF) курал-жарак ташып баратканы кабарланды.

Окуя Түндүк Дарфурдун Малха аймагында болгону болжолдонууда.

Mash Телеграм-каналы каза болгондордун бири Airline Transport Incorporation FZC компаниясынын инженери Виктор Гранов экенин жазды.

Буга чейин интернетке жарыяланган видеолордон улам ага берилген күбөлүк "Манас" аба майданына таандык экени белгилүү болгон.

Аэропорттун басма сөз кызматы Гранов "Манаста" иштебей турганын жана башка компания аркылуу алар менен кызматташып келгенин ырастап, ошол себептен расмий күбөлүк берилгенин билдирди.

Былтыр жазында Судандын Хартум баштаган бир катар шаарларында армиянын кол башчысы, генерал Абдел Фаттах Аль-Бурхандын аскерлери менен Мохаммед Хамдан Дагало жетектеген "Ыкчам колдоо күчтөрү" деп аталган оппозициялык куралдуу топтун ортосунда кагылышуу башталган. Буга кезинде бири-бирин өнөктөш санаган эки генералдын бийлик үчүн күрөшү түрткү болгон. Судандын батышындагы Дарфурда зомбулук күчөгөн. Улуттар Уюму 49 миллион калктын жарымынан көбү гуманитардык жардамга муктаж экенин былтыр жыл этегинде билдирген (TAb)

XS
SM
MD
LG