Жумгалда дайынсыз жоголгон эки тургунду издөө уланууда

Сүрөт ӨКМден алынды.

Нарын облусунун Жумгал районуна караштуу Өрнөк айылынын мал кайтаруу үчүн жайлоого кетип, дайынсыз болуп жаткан 45 жана тогуз жаштагы эки тургунун издөө иши уланууда.

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 22-октябрда кабарлады. Издөө иштерине куткаруучу, милиция жана жергиликтүү тургундар болуп жалпысынан 93 киши тартылды.

Мал кайтарууга кеткендердин төрт күндөн бери дайыны чыкпай жатканы тууралуу маалымат 20-октябрда түшкөн.

Ушул эле күнү ӨКМден 11 куткаруучу, милициядан 12 кызматкер жана жергиликтүү тургундар болуп жалпысынан 111 адам издөө ишине тартылган.

Чаткалда 9-октябрда Каныш-Кыя айылынын тургундары жана бир чет элдик жарандан турган 14 кишилик топ, эндик өсүмдүгүнүн тамырын издеп, тоого кеткенден кийин дайынсыз жоголгон.

16-октябрда издөө иштеринин натыйжасында сегиз жаран аман-эсен табылган, кар көчкү алдында калган алты кишинин сөөгү 19-октябрда табылды. Аларды издөөгө ӨКМдин тик учагы, кошумча куткаруучулар тобу тартылган. (КЕ)

Дагы караңыз

Садыр Жапаров тышкы саясат жана экономикадагы милдеттерди атадыАба ырайы: айрым жерлерде жаан жаайтМинистрлер кабинети мамлекеттин үлүшү бар мейманканаларда кумаркана ачууну сунуштоодо"Манас” аэропорту Судандагы учак кырсыгына байланыштуу комментарий берди