Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Октябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:52

Министрлер кабинети мамлекеттин үлүшү бар мейманканаларда кумаркана ачууну сунуштоодо


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Министрлер кабинети мамлекеттик же жарым-жартылай мамлекеттик менчикте болгон мейманканалардын аймагында кумаркана ачууну сунуштоодо.

Буга байланыштуу "Оюн-зоок иши жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин кароосуна жөнөтүлдү.

Муну менен өкмөт оюн-зоок жайларын мамлекеттик жана муниципалдык менчикте турган имараттарда жана курулмаларда жайгаштырууга тыюу салган ченемди алып салууну сунуштоодо. Мамлекеттин үлүшү бар мейманкаларга оюн-зоок жайларын ачуу туристтердин агымын көбөйтүүгө гана эмес, ички жана эл аралык рыноктордо алардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга да мүмкүндүк берери белгиленген.

"Дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүндө мамлекеттик же жарым-жартылай мамлекеттик менчикте болгон мейманканалардын аймагында казинолорду иштетүү боюнча оң практика бар. Мындай объектилер туризмди өнүктүрүү жана бюджетке кошумча киреше тартуу үчүн колдонулат. Бул Мыйзам долбоору өлкөгө инвестиция тартуу, жаңы жумуш орундарын түзүү жана республикалык бюджетке салыктык түшүүлөрдү көбөйтүү максатында иштелип чыккан. Учурда өлкөдө кумар оюндарын өнүктүрүүнүн оң тенденциясы байкалууда. Казинонун ишмердүүлүгүнө үч лицензия жана букмекердик кеңсеге төрт лицензия берилген. Жалпысынан кумар оюндарынын субъектилери казиного лицензия алуу үчүн 210 миллион сом, букмекердик лицензия алуу үчүн 42 миллион сом төлөшкөн", - деп жазылган документтин негиздеме-маалымкатында.

Маалыматка караганда, 2023-жылы оюн-зоок ишмердигинин субъекттеринен 118,5 млн сом салык төлөнгөн. Быйыл тогуз айда бул тармактан түшкөн салыктын суммасы 208,7 млн сомду түзгөн.

Кыргызстанда казино ишмердигине 2012-жылдын башында салынган тыюу 2022-жылы алынган. Кумарканага уруксат берген мыйзамга президент Садыр Жапаров ошол жылы 30-июнда кол койгон. Парламентте мыйзам талаш-тартыш менен кабыл алынган.

Ага ылайык, кыргыз жарандары жана 21 жашка чейинки чет элдик жарандар казинолорго киргизилбейт. Өкмөт кумар оюндарынан казынага 2 млрд. сомго жакын акча түшөрүн билдирген.

Бишкек, Ош шаарларында казино иштетүүгө уруксат берген мыйзамды кабыл албоого чакырган митингдер өткөн. (КЕ)

XS
SM
MD
LG