Politico: ЕБ өлкөлөрү Орусияга каршы жаңы санкцияларды январда талкуулайт

Евробиримдик өлкөлөрү Орусияга каршы жаңы санкцияларды талкуулоону Венгриянын ЕБ Кеңешиндеги төрагалыгы аяктагандан кийин, 2025-жылдын январында баштоону пландоодо.

Бул тууралуу Politico басылмасы өз булактарына таянып билдирди. Басылманын маектештери Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан өлкөнүн төрагалыгын санкция боюнча сүйлөшүүлөрдү токтотууга колдонгон деген пикирин билдиришкен.

1-январдан тартып Европа Биримдигинин Кеңешине төрагалык кылуу Польшага өтөт. Аталган басылманын белгилешинче, Варшава буга чейин Кремлдин эң маанилүү киреше булагы - күйүүчү майды жеткирүүгө көзөмөлдү күчөтүүнү пландап жатканын ачык айткан.

Европа Биримдиги Орусиядан мунай алууну чектеп, куур аркылуу газ алууну кыйла кыскарткан. Анткен менен Politico Москва бул маселеде бир топ жылчыктарды таап, санкциялардан кыйгап өтүү үчүн "көмүскө флотту" пайдаланып жатканын белгилген.

Польша өзүнүн төрагалыгын Евробиримдикке кирген орусиялык күйүүчү майдын көлөмүн ачык-айкын көрсөтүүгө колдонгусу келет.

Мурдараак он Европа өлкөсү, анын ичинде Франция, Чехия жана Швеция биргелешкен билдирүү жасап, "орусиялык суюлтулган газды импорттоо көбөйгөнү байкалып жатканын", бирок аны ташыгандар "талап кылынгандай толук анык эмес" экенин айтышкан.

Алар ЕБга келген газды текшерүүгө чакырган. Бул сунуш январь айында, төрагалык Польшага өткөндө каралышы мүмкүн.

Дагы караңыз

БРИКС саммити: Орусияда он чакты активист эскертүү алдыАлбаниянын мурдагы президенти кармалдыГрузияда трансгендер активист кол салууга кабылдыОоганстан: "Талибан" менен "ИМ Хорасандын" кагылышуусунан үч адам каза болду