Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:31

Грузияда трансгендер активист кол салууга кабылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Грузияда трансгендер активист аял Ната Таликишвили кабылган окуянын чоо-жайы иликтенип жатат. Бул тууралуу 21-октябрда «Азаттыктын» грузин кызматы билдирди.

Окуя дүйшөмбүгө караган түнү борбор калаа Тбилисиде болгону, бир киши Таликишвилини кыш менен башка урганы, ал мээси чайкалып, ооруканага түшкөнү кабарланды.

Кол салган киши кармалып, кылмыш иши козголду.

Ната Таликишвили аялдардын укугун коргогон ишмердүүлүгү үчүн 2018-жылы Като Микеладзе атындагы сыйлыкка татыган.

Бир ай мурда Грузияда белгилүү трансгендер модель Кесария Абрамидзе киши колдуу болгон. Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, ал жынысына байланыштуу өзгөчө мыкаачылык менен бычакталып өлтүрүлгөн, кылмышка шектелип 24 жаштагы эркек киши кармалган. Соңку жылдары Грузияда ушуну менен үчүнчү жолу трансгендер аял киши колдуу болду.

3-октябрда Грузияда ЛГБТга каршы мыйзамга кол коюлган. Ага ылайык, ЛГБТ өкүлдөрүнө трансгендердик операция жасатууга, бир жыныстагы адамдардын үй-бүлө катары бала асыроосуна, расмий документтерге эркек же аял дегенден башка жынысты көрсөтүүгө, мектептерде жана жалпыга маалымдоо каражаттарында ЛГБТ+ тууралуу үгүттөөгө, фестиваль жана башка иш-чараларды уюштурууга тыюу салынат. Бийликтин сынчылары грузин өкмөтүнүн бул демилгесин шайлоо алдындагы күрөшүндө колдонуп жаткан сөз жана тынч жыйындар эркиндигин чектөө аракетинин бир бөлүгү деп атап жатышат. (RK)

XS
SM
MD
LG