Албаниянын мурдагы президенти кармалды

Илир Мета.

Албанияда мурдагы президент, «Эркиндик партиясынын» төрагасы Илир Мета кармалды. Бул тууралуу 21-октябрда «Азаттыктын» албан кызматы жазды жана ал коррупцияга шектелип жатканын билдирди.

Өлкөнү 2017-2022-жылдары башкарган, премьер-министр, ассамблея төрагасы жана тышкы иштер министри да болгон Мета Коррупцияга каршы атайын прокуратуранын буйругунун негизинде кармалганы кабарланууда.

Метанын басма сөз катчысы Теди Блуши прокуратуранын айыптоосун «жоопкерчиликсиздик» деп атап, бийлик «оппозициянын көзүн тазалоо» аракетин көрүп жатканын айтты.

Быйыл июнь айында да Мета прокуратурада суракта болгон. Ал жактан мүлк-байлыгы тууралуу суроолор берилгенин айткан. (RK)

Дагы караңыз

Грузияда трансгендер активист кол салууга кабылды"Жамийла" же аялдын сүйүүгө акысы барСынактан уткан батирди ала албаган мугалим. Коомдогу талкуу, мурдагы мэрдин убадасы Молдова Европага ыктады, Санду экинчи айлампага чыкты