Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:08

Сынактан уткан батирди ала албаган мугалим. Коомдогу талкуу, мурдагы мэрдин убадасы


Ош: Депутат Сарыбашев мугалимге батирин алууга көмөктөшөт
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:14 0:00

Ош: Депутат Сарыбашев мугалимге батирин алууга көмөктөшөт

Ошто эки жыл катарынан мугалимдердин сынактарында батир утуп алган Илгиз Шамырзаев аликүнчө байгесин ала электигин “Азаттык” аркылуу айтып чыккандан кийин коомчулукта кызуу талкуу башталды. Оштун мурдагы мэри бул маселени чечүүгө көмөк көрсөтөрүн убада кылды.

Шамырзаевдин турмушу, коомдогу талкуу

Мугалимдер арасында уюштурулган сынакта эки жыл катар батир уткан Илгиз Шамырзаев убадаланган үйлөрдүн берилбегенин “Азаттыкка” айтып берген.

Көпчүлүк интернет колдонуучулар муну айыптап, бул бүтүндөй билим берүү тармагына болгон мамилени көрсөттү деген сындар айтылып жатат.

Сынак өткөн учурда Ош шаарында мэр болгон учурдагы парламент депутаты Таалайбек Сарыбашов да Шамырзаевдин батирине байланыштуу билдирүү таратты.

“Мен дайым мугалимдерди колдоп келгем. Анткени мени да мугалим тарбиялаган. Эл катары миграцияда жүрүп, батирлеп жашаган адамдардын абалын абдан жакшы түшүнөм. Илгиз агайдын батир маселесиндеги убадасы, юридикалык жактан тастыктаган документтерди колу менен берген тиешелүү адамдар чечип бербесе да, мен чечип берем. Бүгүн жардамчыларым аркылуу Илгизге да айттырдым”, - деп жазылган Сарыбашовдун билдирүүсүндө.

Шамырзаев Ош мэриясынын “Жылдын мыкты мугалими” сынагында бир батир утса, бир жылдан кийин, 2022-жылы “Заманбап мугалим” кароо-сынагында да баш байгени жеңип, экинчи батирдин сертификатын алган.

Бирок экөө тен кагаз бетинде гана калган. Экинчи батирди коюп сынак өткөргөн Ош шаардык кеңешинин мурунку депутаты Айгүл Атабекова бул жолу да шайлоого катышып жаткан. Социалдык тармактардагы сын-пикирлерден кийин ал өз каалоосу менен талапкерлигин алганын аймактык шайлоо комиссиясы билдирди.

“Сынак уюштурулган. “Ихсан” демөөрчү болуп берүүнү көздөп, батир тапшырган. Кийин алар банкрот болуп, ушундай кырдаал жаралып калбадыбы. Биз кийин сураштырып, кабар алып турдук. Илгизге маалыматтарды берип жатабыз. Кандай кырдаал болсо да жардам беребиз деп айтканбыз”, - деди Айгүл Атабекова.

"Убаданын өтөсүнө чыгышпады"

Илгиз Шамурзаев "Азаттыкка" убактылуу жашап жаткан батирин көрсөткөн. 2021-жылы баш байгеге батир коюлган сынакты Ош шаардык билим берүү башкармалыгы уюштуруп, мэрия колдоо көрсөтмөк болгон.

Илгиз Шамырзаев
Илгиз Шамырзаев

“Ош мэриясы бир бөлмөлүү батир коюп, шаан-шөкөт кылгандан кийин анын өтөсүнө жетиш керек болчу. Болбосо байгенин көлөмүн кичирейтип койсо деле биз эч нерсе демек эмеспиз. Бирок анын баары жободо жазылып турат. Чамасы келбесе бир бөлмөлүү батир дебей эле кичинекей автоунаа же башка белек берсе деле болот эле”, - деген Шамурзаев "Азаттыкка".

Ал айтып жаткан батирди “Эмаком” курулуш компаниясы убада кылган. мугалим кийин байгег сайылган абтир сатылып кеткенин билген.

“Мага ушундай бир бөлмөлүү батирдин сертификаты тапшырылган. Буга ошол учурда компанияны жетектеп турган Мелисбек Жусуповдун кол тамгасы коюлган. Мага ошол учурдагы мэр Таалайбек Сарыбашов тапшырган. Бизде мурдагы жетекчи кетип калды деген нерсе көп эле кездешет экен. Кайсыл жерге барба, мурдагы жетекчи маселени чечиш керек же эми тагдырыңдан көр дегендей мамиле кылып коюшат экен. Мен билгенден Ош мэриясы Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу батир берип сынак уюштурган", - деген ал.

Илгиздин жубайы Барчынай Султанова да мугалим. Ал күйөөсү батир утуп алганын укканда маңдай жарыла кубанып, жакшы ниет кылганын айтып берди.

Барчынай Султанова
Барчынай Султанова

“Ошондо уулубуз төрөлүп, мен сыйлык тапшыруу аземине бара алган жокмун. Телефон чалып сурасам, баш байгени утканын айтты. Аябай сүйүнгөнбүз. Бирок биз эрте кубанып алыптырбыз. Мен ойлогон элем ачкычты берет деп. Үйдү алсак, тууган-урукту чакырып, той берели дегенбиз. Бирок андай болбой калды, андан бери төрт жыл өтүп кетти".

Мугалим канткенде барктуу болот?

Кыргыз өкмөтү мугалимдердин айлыгын жакшыртып, аларга шык берилерин убада кылып жаткан маалда мугалимдин турмушу билим берүү тармагындагы бир топ көйгөйлөрдү козгогондой болду.

Мугалимдердин ишмердүүлүгү боюнча изилдөө жүргүзгөн Асылкан Маматова учурда мектеп мугалимдеринин кадыр-баркын көтөргөн аракеттерди көрүү зарыл болуп турганын айтууда.

Асылкан Маматова ОшМУнун улук окутуучусу
Асылкан Маматова ОшМУнун улук окутуучусу

“Акыркы убактарда спортчу болом деген жаштар аябагандай көбөйдү. Буга алардын жеңиши, аларга карата мамлекет тарабынан көрсөтүлгөн сыйлыктар дагы себеп болду. Мына ушундай колдоо учурда мугалимдерге да аябагандай зарыл болуп турат. Эгер мамлекет тарабынан колдоолор болуп, сыйлыктар берилип турса мугалим да чымырканып иштейт. Анын арты менен мугалим болуп иштейм деген жаштар пайда болот”.

Батирлеп жашап, байгесин күткөн мугалим
please wait

No media source currently available

0:00 0:08:11 0:00

31 жаштагы Илгиз Шамырзаев Оштогу мектептердин биринде мугалим болуп иштейт. Ал мугалимдер арасында өткөрүлгөн башка сынактарда да жеңүүчү болгон.

Ал өзүнүн Ютуб каналында мугалимдер үчүн пайдалуу кеңештерди берип, сабак өтүүнүн ыкмасы, тарбиялык сааттын мааниси тууралуу видеолорду чыгарып турат. Андан сырткары аудио китептерди жарыялап келет.

Байгеден утуп алган батирлерин ала албай жүргөн Илгиз азыр келинчеги, уулу менен ижарада жашайт.

  • Ал эми байгеге батир сайган эки компаниянын тең аты чуулгандуу иштерде аталган. Маселен, “Эмаком” компаниясына ондогон адамдар акча төлөп, бирок батир ала албай жүрөбүз деп даттанып келген. “Эмаком” курулуш компаниясынын мурдагы негиздөөчүсү, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Эмилбек Жусупов сентябрдын соңунда камакка алынган.
  • Ал эми "Ихсан" кооперативине дагы турак жай алуу үчүн акча салып, кийин акчадан да, үйдөн да куржалак калган ондогон киши милицияга даттанып, акцияларга чыккан. Быйыл жыл башында "Ихсандын" жетекчиси 12 жылга эркинен ажыратылып, сот аны жабырлануучулардын чыгымдарын төлөп берүүгө милдеттендирген.
XS
SM
MD
LG