Баткенде кыргыз-өзбек чек арасын демаркациялоо маселеси талкууланды

Аксы району. Кыргыз-өзбек чек арасы. 2022-жыл

Баткен шаарында кыргыз-өзбек чек арасын демаркациялоо боюнча жумушчу топтордун жолугушуусу өттү. Бул тууралуу маалымат Кыргызстандын Министрлер кабинетинин сайтына 21-октябрда жарыяланды.

Жолугушууда кыргыз-өзбек чек арасын демаркациялоо маселеси талкууланып, айрым участоктордо талаа изилдөө иштери жүрдү.

Демаркация - мамлекеттик чек ара сызыгын жеринде белгилөө, атайын чек ара белгилерин коюу.

Кыргыз-өзбек чек арасы боюнча делимитация жана демаркация жараяны аяктаганын президент Садыр Жапаров 2023-жылы 27-январда Бишкекке мамлекеттик сапар менен өзбек президенти Шавкат Мирзиёев келгенде айткан.

Дагы караңыз

Киев ондогон жарандарынын өлүмүнө жооптуу орусиялык учкучтун сөөгү табылганын билдирдиМолдова: Бюллетендер дээрлик жүз пайыз эсептелип бүттүАкыйкатчы Москвада мигранттардын укугу бузулуп жатканын айтты БРИКС саммити: Орусияда он чакты активист эскертүү алды