Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:20

Киев ондогон жарандарынын өлүмүнө жооптуу орусиялык учкучтун сөөгү табылганын билдирди


Кременчугдагы чабуулдун кесепети. Архивдик сүрөт.
Кременчугдагы чабуулдун кесепети. Архивдик сүрөт.

Украинанын Коргоо министрлигинин Башкы чалгын башкармалыгы Орусияда аскердик учкуч Дмитрий Голенков «жок кылынганын» билдирип, ал ондогон украин жарандарынын өмүрү кыйылган чабуулдар үчүн жооптуу киши болгонун кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, Орусиянын оор бомбалоочу авиациялык полкуна караштуу тобунун штаб башчысы Голенков 2022-жылы 27-июнда Кременчуг шаарындагы «Амстор» соода борборуна ракеталык сокку урганда имараттын ичинде миңге жакын киши бар болчу. Алардын 22си каза болуп, ондогон кишилер жараат алган. Ал эми 2023-жылы 14-январда Днепрде көп кабаттуу үйгө ракета менен чабуул коюлганда 46 кишинин өмүрү кыйылган, алардын алтоо бала болчу.

Голенковдун сөөгү балка менен башына урулган жарааттан каза болгон абалда табылганы айтылды.

Орусия 2022-жылдын июнундагы чабуул Кременчугдун чет жакасындагы курал-жарак кампасына урулганын, соода борбору бутага алынбаганын билдирген.

Москва 2022-жылы февралда Украинага каршы толук масштабдуу согуш ачкандан бери шаар-кыштактарынын мектеп, бала бакча, оорукана, таза суу жана энергетика тармагы сыяктуу жарандык инфраструктурасын талкалап, адамдарын өлтүрүп жатканы тууралуу айыптоолорду четке кагып келүүдө.

Украин бийлиги жана эл аралык уюмдар Орусиянын куралдын көптөгөн түрү менен жасалып жаткан соккуларын атайын чабуул катары баалоодо. (RK)

XS
SM
MD
LG