Комитеттин жыйынында министр Бейшеналиевдин ишине сын айтылды

Алымкадыр Бейшеналиев.

Жогорку Кеңештин Социалдык саясат комитетинин жыйынында саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин ишине нааразылык айтылып, айрым депутаттар сынга алды. Депутат Айбек Маткеримов саламаттык сактоо министри жана орун басарлары аймактагы ооруканалардан кабар албай жатканын, депутаттар көтөргөн маселелер да көзөмөлдөнбөгөнүн айтты.

Комитеттин төрайымы Винера Раимбачаева министр Бейшеналиевдин жыйынга келбей жатканын билдирип, сындады.

“Буга чейинки комитет жыйынында “министр президент менен кошо Түптө оорукананын ачылышына кетти” деп айтышкан. Бирок ал жакка президент да, министр да барбаптыр. Биздин министр эркелеп эле жүрөт. Бизден улам эле суранасыңар, биз реформа болсун деп колдоп атабыз. Реформанын жыйынтыгы жок болуп атат. Жумуш жок, биздин дарыгерлер, бейтаптар ыйлап жатышат. Ооруканаларда дары-дармек жок. Өткөн жумада Кара-Балтадагы ооруканада дарылар, физиологиялык аралашма жок экен деп айтышкан”, - деди Раимбачаева.

Депутат Камила Талиева "министр Алымкадыр Бейшеналиев менен байланышуу кыйын экенин, чалууларга жооп бербей турганын" кошумчалады.

Министрлик депутаттардын нааразылыгы боюнча комментарий бере элек.

Алымкадыр Бейшеналиев биринчи жолу 2020-жылы саламаттык сактоо министри болгон. 2022-жылы июнда коррупцияга айыпталып камалып, эки аптадан кийин үй камагына чыккан. Бул чуулуу иштерден кийин 2022-жылы 19-августта президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен кызматтан бошотулган.

Башкы прокуратура Алымкадыр Бейшеналиевге чет өлкөлүк менчик компаниялардан 1 млрд 581 млн 474 миң сомго вакцина сатып алынганы үчүн айып койгон жана жалпысынан жети кылмыш иши козголгонун билдирген. Кийин ага козголгон бардык кылмыш иштери токтотулган.

Ал 2023-жылдын сентябрында кайра министр кызматына дайындалган.

Саламаттык сактоо министрлиги 2023-жылдын июль айында берген маалыматтарга ылайык, Кыргызстанда 13 миң 775 жогорку билимдүү дарыгер, 33 миң 510 орто билимдүү медициналык персонал (мээрбандар жана башка адистер) иштеп турган. Андан бери системадагы штаттын саны кандай өзгөргөнү тууралуу маалымат жок.

Дагы караңыз

Бишкекте балдардын канындагы коргошундун деңгээлин текшерүү боюнча изилдөө башталдыМолдовада президенттик шайлоонун экинчи айлампасына Санду менен Стояногло катышатВолейбол: Кыргызстан Өзбекстан курамасын уттуЖумгалда мал кайтарып жүрүп, дайынсыз жоголгон эки тургун изделүүдө