Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:26

Волейбол: Кыргызстан Өзбекстан курамасын утту


Кыргызстандын волейбол боюнча улуттук курамасы Борбор Азия волейбол ассоциациясынын (CAVA) чемпионатынын үчүнчү турунда Өзбекстан курамасын 3:2 менен утту. Мелдеш ушу тапта Ташкент шаарында өтүп жатат.

CAVA уюмунун расмий сайтынын маалыматына ылайык, мелдешке Кыргызстандын, Ооганстандын, Өзбекстандын, Тажикстандын, Малдив жана Түркмөнстандын курамалары катышууда.

Буга чейин Кыргызстан курамасы Тажикстан (3:0), Малдив (3:0) курамаларын утту. Жалпы 8 упай топтоду. Эми курама 22-октябрда Түркмөнстан менен беттешет.

Түркмөнстан курамасы да үч беттеште жеңишке жетти.

CAVA улуттар лигасына Борбор Азиядагы жана Чыгыш Азиядагы 14 өлкө мүчө. (GT)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG