Бишкекте балдардын канындагы коргошундун деңгээлин текшерүү боюнча изилдөө башталды

Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкекте 6 жашка чейинки балдардын канындагы коргошундун деңгээлин текшерүү боюнча изилдөө иштери башталды. Бул тууралуу Республикалык Ден соолукту чыңдоо борбору кабарлады. Изилдөө иштери №1 Үй-бүлөлүк медицина борборунда өтүп жатат.

Изилдөөлөргө ылайык, дүйнөдөгү ар бир үчүнчү баланын канында туруктуу неврологиялык, когнитивдик жана физикалык зыян келтириши мүмкүн болгон коргошундун көлөмү бар. Мектепке чейинки курактагы балдар нерв системасы калыптануу стадиясында болгондуктан коргошундун зыяндуу таасирине эң көп кабылышат.

Калктын бул боюнча маалымдуулугунун төмөндүгүнө жана адистердин этиятсыздыгына байланыштуу коргошун менен уулануунун көпчүлүк учурлары билинбей калат, жогорку дозаларды кошпогондо коргошун менен ууланууну кан анализисиз аныктоо өтө кыйын же мүмкүн эмес.

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматы боюнча коргошун менен уулануу айлана-чөйрөнүн булганышына байланыштуу кеңири тараган. Эң кооптуусу, коргошунлун уусу адамдын организмине байкалбай кирип, дароо бир өзгөрүүлөр билинбейт. Мындай учурларда, анын организмдеги терс таасирин аныктоо үчүн атайын медициналык текшерүүлөрдү үзгүлтүксүз жасап туруу зарыл. (КЕ)

Дагы караңыз

Молдовада президенттик шайлоонун экинчи айлампасына Санду менен Стояногло катышатВолейбол: Кыргызстан Өзбекстан курамасын уттуЖумгалда мал кайтарып жүрүп, дайынсыз жоголгон эки тургун изделүүдөТбилисиде "Грузия Евробиримдикти тандайт" аттуу акция өттү