Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:29

Тбилисиде "Грузия Евробиримдикти тандайт" аттуу акция өттү


“Грузия Евробиримдикти тандайт” акциясынын катышуучулары, Тбилиси, 20-октябрь, 2024-жыл
“Грузия Евробиримдикти тандайт” акциясынын катышуучулары, Тбилиси, 20-октябрь, 2024-жыл

Тбилисинин борборундагы Эркиндик аянтында жекшемби күнү оппозициялык партиянын тарапташтарынын митинги өттү. "Грузия Европа биримдигин тандайт" деген аталыштагы акцияга болжол менен 40 миңден 50 миңге чейин адам катышканын "Свобода" радиосу жазды.

Алдын ала макулдашуу боюнча оппозиция лидерлери митингде сөз сүйлөбөй, белгилүү коомдук ишмерлерге, ырчы-акындарга сөз берип, алар чогулгандарды жана өлкөнүн бардык жарандарын 26-октябрдагы парламенттик шайлоодо орусиячыл жана бийликтеги партиянын ордуна төрт оппозициялык партияга добуш берүүгө чакырышты.

Эркиндик аянтында акциянын катышуучуларына өлкө президенти Саломе Зурабишвили чыгып сүйлөдү. Ал шайлоонун алдында миңдеген адамдар чогулган митингди тарыхый унутулгус окуя деп атады.

Ал Молдовадагы президенттик шайлоодо ат салышып жаткан учурдагы президент Мая Сандуга "Европага кошулуу" боюнча референдумда ийгилик каалады. Ошондой эле Украинанын эле эмес, Грузиянын дагы европалык келечеги үчүн күрөшүп жатканы үчүн Владимир Зеленский ыраазычылык билдирди.

Парламенттик шайлоодо 2012-жылдан бери бийликте турган "Грузин кыялы" партиясына Михаил Саакашвилинин "Биримдик - Улуттук кыймылы" партиясы негизги атаандаш болууда. Мындан сырткары үч - "Күчтүү Грузия", "Өзгөрүү үчүн коалициясы" жана "Грузия үчүн" оппозициялык биримдиги бар.

Социалдык сурамжылоого ылайык төрт оппозициялык биримдик шайлоодогу 5% босогону өтө алса, алар келечектеги парламентте 50% көп мандат алып, коалициялык парламентти түзө алышат.

XS
SM
MD
LG