Газада ЦАХАЛдын соккусунан 87 киши каза тапканы кабарланды

Бейит Лахия. Газа, 19-октябрь, 2024-жыл

Жекшембиге караган түнү Израилдин аскерлери Газанын түндүгүндөгү үйлөргө урган соккудан кеминде 87 киши каза тапты же дайынсыз болууда. Бул тууралуу анклавдын Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына таянып AP агенттиги билдирди.

Маалыматка караганда, Бейит Лахия деген жерге болгон чабуулда 40 киши жаракат алды. Бул шаар бир жыл мурун тилкеде согуш башталганда израилдик армиянын (ЦАХАЛ) биринчи буталарынын бири болгон. Аскерлер эки жумадан бери ал жакта ХАМАС (АКШ жана Еврошаркетте террордук деп таанылган) радикал тобуна каршы операция жүргүзүп келатканын айтууда.

Палестинанын расмий адамдары бул аралыкта жүз миңдеген киши набыт болгонун, медициналык жардам берүү тармагы дээрлик кыйрап калганын билдирди.

Дарыгер Рахим Хедер Бейит Лахияда төрт балалуу эки үй-бүлө мерт кеткенин айтып берип, дүрмөт көп кабаттуу турак жайга тийгенин, айланадагы кеминде төрт үй жер менен жексен болгонун кошумчалады.

Израил аскерлери ал окуяны дароо комментарийлеген жок.

«Чек арасыз дарыгерлер» эл аралык уюму Израилди Газанын түндүгүндөгү ооруканаларды бомбалоону токтотууга чакырды. Анын алдында Газанын саламаттыкты сактоо мекемеси аскерлер дем алыштарда эки оорукананы бутага алганын билдирген.

ЦАХАЛ ал жерде согуштук аракеттерди жүргүзгөнүн айтуу менен ооруканаларды аткылабаганын билдирди.

Израил куралдуу күчтөрү Жабалия деген жерде да операциясын улантууда.

Ал тапта АКШ Израилдин Иранга сокку уруу планына өз баасын берген жашыруун документтердин ачыкка чыгып кеткенин иликтеп жатат.

AP жазгандай, чалгын кызматтарына таандык купуя документтерде Израил Ирандын 1-октябрда баллистикалык ракета менен урган соккусуна жооп кайтаруу үчүн аскерлерин белгилүү бир жерге топтогонун көргөзөт.

ХАМАСтын жетекчиси Яхья Синвар бейшембиде өлтүрүлгөндөн бери Вашингтон Израилди Газа тилкесинде ок атууну токтотууга чара көрүүгө чакырып келатат. Бирок тараптар августта туңгуюкка такалган сүйлүшүүлөрдү улантууга кызыкпагандай.

АКШ ошондой эле Израилди Ливанды аткылоого чекит коюуга үндөп жатат.

Дагы караңыз

Молдовадагы шайлоо: Алдын ала жыйынтык боюнча Санду алдыдаCNN: Израил Яхья Синвардын сөөгүн туткундарга алмашуусу мүмкүнКыйноого кабылган Курманбековго 30 миң сом кенемте төлөнөтТүркияда он менчик оорукана жабылды