Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:11

CNN: Израил Яхья Синвардын сөөгүн туткундарга алмашуусу мүмкүн


Яхья Синвар
Яхья Синвар

АКШ жана Евробиримдикте террордук деп жарыяланган ХАМАС тобунун лидери Яхья Синвардын сөөгү Газада барымтада кармалып турган израилдик туткундарга айырбашталышы ыктымал. Бул тууралуу CNN телеканалы Израилдеги булактарына шилтеме кылып жазды.

Басылманын булактары барымтада кармалып тургандарды бошотуу - ХАМАС үчүн лидеринин сөөгүн алууга жалгыз мүмкүнчүлүк болушу ыктымалдыгын айтышкан. Израил бир жылдан ашык убактан бери барымтада жаткан жарандарын бошотуунун жолдорун караштырып жатканы айтылды. CNNдин булактары ошол эле кезде Синвардын сөөгүн кайтаруу ХАМАСтын мүчөлөрүн бириктириши ыктымалдыгын да белгилешкен.


ХАМАС радикал тобунун лидери Яхья Синвар өлтүрүлгөнү тууралуу Израил 17-октябрда маалымдаган. Эртеси маалыматты ХАМАС ырастаган. Израилдеги соттук медицина борбору Синвар 16-октябрда башына ок жеп өлгөнүн билдирген.

Израил Синварды ХАМАС (АКШда жана Европа Биримдигинде террордук деп жарыяланган) менен азыркы согушунун тутанышына түрткү болгон бир жыл мурдагы кандуу кол салуунун уюштуруучусу деп эсептеп келет. 2023-жылы 7-октябрда ХАМАСтын Израилге кол салуусунан миңден ашуун адам мерт болуп, 250дөн ашык киши барымтага алынып, Газа тилкесине чыгарылып кетен. Алардын бир бөлүгү Израил-ХАМАС сүйлөшүүлөрүнүн негизинде бошотулган. Сентябрь айынын башына карай ХАМАСтын колунда жүзгө чукул туткун калганы кабарланган. Израилдин эсебинде анын 40 чактысы каза болгон.

Израилдин премьер-министри Беньямин Нетьянаху Яхья Синвардын өлүмүнөн соң, ХАМАСты багынууга жана туткундарды бошотууга чакырган. Бирок радикал уюм ага макул болгон эмес.

XS
SM
MD
LG