Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 10:39

Түркияда он менчик оорукана жабылды


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Түркиянын Стамбул, Текирдаг жана Чорлу шаарларындагы менчик ооруканаларда жаңы төрөлгөн ымыркайларды кайра жандандыруу бөлүмүнө жаткырып, жакындарынан пара сураган медиктерге "адам өлтүрүү, документтерди жасалмалоо" беренелери менен кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Стамбулдун прокуратурасына шилтеме берүү менен жергиликтүү маалымат каражаттары жазды.

19-октябрда Түркиянын Саламаттыкты сактоо министри Кемал Мемимшоглу жергиликтүү телеканалга берген маегинде кылмыш ишинде аты аталган 19 оорукананын ону жабылганын кабарлады. Ошондой эле министр бул ооруканаларда бир жылдан бери 10 ымыркай медиктердин шалаакылыгынан чарчап калганын ырастады.

18-октябрда юстиция министри Йылмаз Тунч тергөөдө аты аталган 47 шектүүнүн 22си камакка алынганын билдирген. Расмий маалыматтарга ылайык, Түркияда 565 жеке менчик оорукана бар. Ага дүйнөнүн чар тарабынан бейтаптар барып дарыланат. (ElB)

XS
SM
MD
LG