"Тез Жеттин" аба каттамдарынын токтошу нааразылык жаратты

"Тез Жет" компаниясынын жүргүнчүлөрү жана мекеменин өкүлү токтотулган каттамдар боюнча сүйлөшүү учуру. 20-октябрь, 2024-жыл.

"Тез Жет" компаниясынын өлкөнүн түштүк регионуна каттаган таңкы каттамдары убактылуу токтотулуп, "Манас" эл аралык аэропортунда 200гө жакын жүргүнчү уча албай калды. Жарандар компаниядан 20-октябрдан калбай башка каттам уюштуруп берүүнү талап кылууда.

20-октябрда "Тез Жет" аба компаниясынын Бишкек-Баткен, Бишкек-Жалал-Абад жана Бишкек-Ош багытындагы бардык каттамдары убактылуу токтоп калды.

Аба каттамдары алынганы тууралуу маалыматты "Тез Жет" компаниясы кечке маал ырастап, билдирүү таратты. Анда компания каттамдардын убактысы жылганы үчүн кечирим сурап, муну техникалык мүчүлүштүк менен байланыштырган.

"Күтүлбөгөн техникалык абалдан улам бир нече каттамдын мөөнөтү жылды. Жүргүнчүлөр менен экипаждын коопсуздугу компания үчүн маанилүү. Ошондуктан биз техникалык текшерүү жүргүзүү, көйгөйдү толук чечүү үчүн каттамдарды кийинкиге калтыруу чечимин кабыл алдык", - деп жазылган маалыматта.

Компания жүргүнчүлөргө тиешелүү колдоо көрсөтүлөрүн, алар жакынкы каттамдарга бөлүштүрүлөрүн же билеттин акчасы толук кайтарыларын билдирди.

Дагы караңыз "Билет такыр жок, анан кымбат". Ички аба каттамдарына нааразылык

Бишкектен Ошко 20-октябрдын таңкы саат сегизге коюлган рейси аткарылбай калганын айткан жүргүнчүлөрдүн бири Анара аэропортто таңкы алтыдан бери отурганын "Азаттыкка" билдирди.

"Электрондук билет алып, аэропортко алтыда келгем. Башында рейс саат 10:30га жылды деп айтылган. Дагы бир аз убакыт өткөндөн кийин компаниянын өкүлүмүн деген Абдилла аттуу жигит чыгып, рейстер болбой калганын, билетке деп берген акчаларыбызды сатып алган жерден кайрып алууга мүмкүнчүлүк бар экенин айтып туруп кетип калды. Өтө суз мамиле болду, бул жерде майыптык арабасында отурган, жашы өтүп калган кары-картаңдар бар. Эмчектеги баласын кармап, кезерип отурган жаштар бар. Баарынын бүгүнкүгө деп пландаган жумуштары калып калды. Мындай учурларда чай, кофе берип, жүргүнчүлөрдүн курсагын тойгузууга аракет кылышы керек эле, аны да кылган жок. Биз айла жоктон аэропортто отурабыз".

Дагы караңыз Бузулган учак көйгөйү. Аймактарга каттам токтоп калды

Жүргүнчүлөрдүн айтымында, компаниянын өкүлү жүргүнчүлөр менен жолугушкан учурда: "Техникалык мүчүлүштүктөн улам рейстер болбойт. Билеттердин акчасын аны сатып алган компаниялар аркылуу кайтарып алууга болот", - деп айткан.

Жүргүнчүлөрдүн нааразылыгынан кийин ал эртең мененки саат 8деги каттамдар кчки саа 8де аткарыларын жарыялаган.

Буга аэропортто отургандар ишенбей жатышат.

"Манас" эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы "Тез Жет" авиа компаниясынын Ош жана Баткен облустарына рейстери техникалык себептерден улам токтоп турганын ырастады.

"Тез Жет" компаниясынын жекшембинин кечинде тараткан маалыматында жазылган телефон номурларына чалганыбызда эч ким алган жок.

Дагы караңыз "Учак менен барганга шарт жок". Ички каттамдар качан арзандайт?


Бул компаниянын каттамдары убагында ишке ашпай же жылган учурлар мурда да болгон.

Авиация тармагындагы эксперт Максатбек Дыйканов ички каттамдарды тейлөө атаандаштык аз болгондуктан, мындай көрүнүш кайталанып жатат деп эсептейт: тармактагы конкуренциянын жоктугунан улам кайталанып, мекеме кетирген кемчиликтеринин үстүнөн иштөөгө аракет кылбайт деп билдирди.

"Мурда ички каттамдарды 3-4 компания ишке ашырып турган. Демек, атаандаштык болуп турчу. Азыр эми "Тез Жет" менен эле "Авиа Трафик" калды, экөө бир эле компания. Элге билеттерди сатып, учактарын каттатып иштеп аткандан кийин компания каттамдарды ишке ашырышы керек. Элди кете бергиле дегендин ордуна аларды учурганга болгон күчүн жумшашы керек эле. Себеби бул авиакомпаниянын бедели. Мындай көрүнүштөр улана берсе, ал рыноктон өзүнөн өзү чыгып калат. Тилекке каршы атаандаштык болбой жатат. Эгер атаандаштык болсо, баа арзандап, тейлөө сапатын жакшыртат. Сырткы жана ички каттамдардын бириктирилиши да мындай көрүнүштөрдүн болушун алдын алат".

Дыйканов "Тез Жетти" рыноктон сүрүп чыгаруу аракети болушу мүмкүнбү деген божомолдорду четке какты. Анын пикиринде, мамлекеттик "Асман" компаниясынын жалгыз учагы бардык ички каттамдарды аткарууга жетишпейт.

Дагы караңыз Ички каттамдар: Авиакомпаниялардын талабы жол кирени асмандатты

Ушул тапта Бишкектин четиндеги "Манас" эл аралык аэропортунда Бишкек-Баткен, Бишкек-Жалал-Абад жана Бишкек-Ош багытындагы каттамын күтүп турган 160тан ашуун адам бар экенин жүргүнчүлөр "Азаттыкка" билдиришти.

Ички каттамдарга учуу акысы кымбат деген нааразылыктардан улам “Манас” аба майданы Asman Airlines деген компания түзүп, ага эки учак сатып алган.

Акциясы толугу менен мамлекетке таандык бул ишканага Кыргызстан сатып алган Dash-8-400 үлгүсүндөгү учактар Бишкек-Ош, Бишкек-Баткен жана башка ички каттамдарды аткарып жатканы кабарланган.

Азыр бул компанияга таандык бир учак ички каттамдарга рейстерди аткарып жатат.