Молдова: Президенттик шайлоо, ЕБге кирүү боюнча референдум өттү

Молдова: Президенттик шайлоодогу добуштардын 35% саналгандан кийинки алдын ала жыйынтык

20-октябрда Молдовада президенттик шайлоо жана Евробиримдикке кошулуу боюнча референдум өттү. Добуш берүү тилкелери саат 7:00дө ачылды.

Алдын ала жыйынтык боюнча президенттик шайлоодо берилген добуштардын 35% саналды. Анын жыйынтыгына ылайык, учурдагы мамлекет башчы Майя Санду 35% чукул добуш алды. Экинчи орунда — 29% добуш менен Александр Стояногло.

Евробиримдикке кошулуу боюнча референдумдун добуштарынын 35% саналды. Шайлоочулардын 43% колдосо, 56% каршы болду.

Молдованын Евробиримдикке кирүүсү үчүн өлкөнүн Конституциясына өзгөртүүлөр киргизилиши керек.

Ал эми президенттик кызматка 11 талапкер ат салышууда, арасында азыркы президент Майя Санду да бар.

Экинчи айлампага чыгышы ыктымалдыгы айтылган талапкерлердин арасында мурдагы баш прокурор Александр Стояноглонун аты аталган. Шайлоого катышуудан баш тарткан оппозициялык Социалисттер партиясынын лидери, Молдованын экс-президенти Игорь Додон өз тарапташтарын Стояногло үчүн добуш берүүгө чакырган.


Стояногло да Додон сыяктуу эле бир катар кылмыш иштер боюнча тергөөдө, айрым иштер боюнча соттук териштирүүдө жүрөт.

Додон мамлекетке чыккынчылыкка жана коррупцияга айыпталууда. Стояногло коррупцияга жана кызмат абалынан пайдаланууга айыпталып жатат. Экөө тең өздөрүнүн иштерин саясий негизде, азыркы президент Сандунун "түз буйругу менен жасалган куугунтук" деп келишет. Санду аны жокко чыгарган.

Талапкерлердин бири - "Биздин партиядан" Бельцы шаарынын мурдагы мэри Ренато Усатый. Ал 2020-жылы да президенттик шайлоого катышып, Санду менен Додондон кийинки 3-орунду алган.

Добуш берүү тилкелери Молдовадан тышкары аймактарда - 37 чет өлкөлөрдөгү элчиликтерде, дипломаттык өкүлчүлүктөрүндө да иштеп жатат. "Азаттык" радиосунун молдован кызматы кабарлагандай, Орусияда жашаган молдовандар шайлоодо добуш берүү үчүн эртең менен кезекке турушту.

Украинада Киев жана Одессада добуш берүү тилкелери ачылды. Эң көп шайлоо тилкеси Италияда ачылды, ал жактагы молдовандар 60 добуш берүү бекетинен шайлоого катышат. Германияда - 26, Францияда - 20, Улуу Британияда 17, АКШда жана Румынияда 16дан шайлоо тилкеси ачылды.

Дагы караңыз

CNN: Израил Яхья Синвардын сөөгүн туткундарга алмашуусу мүмкүнБатыш Молдовага маанилүү шайлоо алдында колдоо көргөзүүдө"Кыргызстанга тамырымды издеп келдим"Батирлеп жашап, байгесин күткөн мугалим