Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:16

"Кыргызстанга тамырымды издеп келдим"


Идил Дуран уулу Гүнеш менен
Идил Дуран уулу Гүнеш менен

Түркиялык Идил Дуран эки жашар баласы жана күйөөсү менен чоң автобусун айдап алып жер кыдырып жүрөт. Идилдин максаты алгач Кыргызстандагы тайларына жетип, жүз көрүшүү эле. Tүркиялык үй-бүлө эми Өзбекстан, Түркмөнстан андан ары Сауд Арабиясына чейин барууну көздөп турат.

- Идил саламатсызбы. Үй-бүлөңүз менен чоң автобуста Кыргызстанды кыдырдыңыз окшойт. Бул сапарыңыз кантип башталып калганын айтып бересизби?

- Негизи окуя мындай башталды. Быйыл Казакстанда өткөн Көчмөндөр оюдарына чакырышкан, бирок учак менен келгиле дешти. Биз аларга "биздин автобус-кербенибиз бар, анын аты да Göçebe ("Көчмөн"), ошону айдап алып келели" дедик. Баары таң калды. Анткени кербенибиз 1982-жылы чыккан автобус болчу. Ушунча узак аралыкка кантип келесиңер деп чочулашты. 14-15 миң километр жол жүрүш керек болду. "Биз түркпүз, илгери ат менен эле дүйнөнү багындырган экен, төрт дөңгөлөгү бар кербен менен кантип болбосун" деп ойлодук.

Кербенибизде бардык шарт бар, ашкана, ажаткана, жуунчу жай, уктап, эс ала турган жерибиз бар дегендей. Анан эмнеге коркмок элек деп жолго чыктык. Ошентип Казакстанга жеттик. Ал жерде 21 күн жүргөндөн кийин, үй-бүлөмдү да көндүрүп, туугандарымды көргөнгө Кыргызстанга келдик. Ошентип Кыргызстанга саякатыбыз башталды.

- Ошол "Көчмөн" деген аты бар кербен тууралуу айтып берсеңиз. Кичинекей балаңыз менен кыйналган жоксузбу? Автобус саякаты сиз үчүн эмнени билдирет? Сапарларды кантип уюштурасыңар?

- Тегибиз көчмөн болгон үчүн, кыргыз маданиятын билебиз, ошондуктан кербенибиздин атын Göçebe, башкача айтканда "Көчмөн" деп койгонбуз. Буга чейин Стамбулдагы батирибизди ижарага алып жашачубуз. Аны былтыр ээсине тапшырып, оокаттарыбызды муктаждарга таратып, жолдошум өз колу менен оңдоп-түздөгөн кербенде жашай баштаганбыз. Ошентип дээрлик 11 айдан бери Түркияны түрө кыдырып, саякаттадык.

Түркиялык үй-бүлөнүн Göçebe кербени.
Түркиялык үй-бүлөнүн Göçebe кербени.

Колубузда анча көп каражатыбыз жок эле бирок жолоочуну кудай колдойт эмеспи. Бала менен саякаттоо көңүлдүү. Бирок 2,5 жаштагы бала менен узак жолго чыккандын да түйшүгү түмөн экен. Колдон келишинче аракет кылып жатабыз. Уулубуз ат, кой, төөнү китепткен эле көрбөй, жашоодон да көрсүн дедик. Эл-жерди көрүп, тарбия алсын. Бук нерсе кичинекей бала үчүн өтө маанилүү деп ойлойм. Биз да аны менен кошо дүйнө тааныйбыз. Чоңойгондо уулум сөзсүз зээндүү бала болуп чоңоёт деген үмүттөбүз.

Дүйнөдө алты миллиондой санарип көчмөн бар. Кербенде жашап, дүйнө кыдырып, иштеп жүрө беришет. Мен өзүм психологмун. Менден онлайн консультация алгандар бар. Инстаграм, Ютуб каналдарыбыз бар. Барган жерлерибизди чыгарып, айтып турабыз. Ал платформалардан да киреше табабыз. Ошентип көчмөн жашообуз уланып атат.

- Кыргызстан же кыргыздар сизге чоочун эмес экенин билебиз. Апаңыз Тажыгүл кыргыздын кызы. Убагында "Азаттык" радиосунда иштеген Аким Өзгөн сиздин таякеңиз экенин уктук. Өзүңүз, үй-бүлөңүз тууралуу айтып бересизби?

- Ооба менин апам Тажыгүл Күнтүз кыргыз. Апамдын чоң атасы Барпы бий. Ал Оштун Жаңы-Талап айылынан чыккан бий экен. Убагында ал миңдеген аскери менен кыргыздардын эгемендиги үчүн согушуптур. 11 жашында Өзгөндө аким болуптур.

Ушундай күчтүү кишилердин сапаты канымда ойногону чоң жоопкерчилик. Апам бизди дайыма ата-бабаларын, басып өткөн жолун айтып тарбиялады. Мен бул нерселерди эстегенде аябай толкунданам. Апамдын айткандары менин жүрөгүмөн да, эсимен да чыкчу эмес. Ошондуктан Түркиядан жолго чыкканда сөзсүз Кыргызстанга бара турганыбызды билчүмүн.

Аким Өзгөн менен апамдын аталары бир, энелери башка. Тууганыбызды аябай сыйлайбыз, урматтайбыз. Жаткан жери жайлуу болсун.

Өзүмдүн толук атым Идил Салиха Күнтүз Дуран. Кесибим психолог. Жолдошум Бурак Дуран дизайнер. Ал да убагында жетекчилик кызматтарды аркалаган, азыр болсо баарыбыз саякатчыбыз. Уулум Гүнеш Кутлухан Дуран эки жарым жашта.

Идил Дуран үй-бүлөсү менен.
Идил Дуран үй-бүлөсү менен.

Атам Атилла Күнтүз казандык татар. Алар да убагында апамдарга окшоп Түркияга келишиптир. 1900-жылдардын башында эң акыркы поезд менен келишкенин айтат. Атам да Казан хандарынын неберелеринен. Апам менен атам экөө тең тамырын унутпаганы, балдарына айтып бергени бизге мурас. Мен да кийин урпактарыма бул тарыхты өткөрүп берем. Б

Өзгөнгө барганда аябай толкундандым. 20 жыл мурун апам менен келгенде таанышып кеткем. Айрым адамдар менен жаңы тааныштым. Адамдардын келбети өзгөрүшү мүмкүн, башка улуттагылар менен үйлөнүп, ген алмашуусу мүмкүн, бирок канда айланып турган баалуулуктарды жок кыла албайсыз. Кандан келген эс тутумду өзгөртүүгө болбойт.

- Кыргызстанга сапарыңызды тамырыңызды таануу аракети деп мүнөздөсөк болобу?

- Кыргызстанга барган максатыбыз - туристтик саякат эмес, тамырымды издөө эле. Уулум аларды таанып-билсе дегем. Чоң таятам Түркияга келерден мурун Пакистанда жашаган экен. Мекенине кайра кайтабыз деп ойлошуптур. Бирок кайта алышкан эмес. Пакистанда бир канча жыл жашагандан кийин Түркия аларды кабыл алып, 1954-жылы көчүп барышкан. Мен үчүн чоң таятамдын мекенине, жашаган айылына зыярат кылуу өтө маанилүү. Анткени анын Түркияга көчүп барганда "бул теректер менин айылымдагы теректерге окшош экен" деген айылын, элин көрүү баа жеткис болду.

- Сиз буга чейин алыстан уккан Кыргызстан менен өз көзүңүз менен көргөн Кыргызстандын ортосундагы айырмачылык бар бекен?

- Мен Кыргызстанды буга чейин апамдан уккандарым аркылуу эле билет элем. Бирок жолдошум түрк эмеспи, анын айылга барганда кандай бактылуу болуп жатканын көрүп таң калдым. Элдин жылуу мамилеси жакты. Бир түнү Ысык-Көл тарапта биздин кербен сазга батып калды. Жолдо башка жакка бараткан бир экскаватор токтоп, айдоочусу баткактан чыгарганга жардам берди. Анан үйүнө конокко чакырды. Айтарым, кыргыз элинин айрыкча айыл тургундарынын жөнөкөйлүгүнө, берешендигине, жароокерлигине аябай таасирлендик. Бирок шаарларда эл башкача экен. Түркияда деле ушундай эмеспи. Андыктан Кыргызстанды таанып-билүү үчүн тоолорун, айыл-кыштактарын кыдырып көрүш керек экен деп калдым. Анткени кыргыздардын кандай таланттуу калк экенин мен билем.

Идил Дуран үй-бүлөсү менен.
Идил Дуран үй-бүлөсү менен.

Апам сүрөтчү. Кыргыздар бардык тармакта, искусство, кол өнөрчүлүктө өтө таланттуу келишет. Тамактын эле канча түрүн даамдуу жасашат. Өмүрүмдө эң даамдуу тамактарды Кыргызстандан жедим. Ошол баалуулуктарды жоготпой, башкаларга көз каранды болбой, улуттук колоритти дагы өнүктүрүүгө аракет кылышса, сөзсүз ийгиликке жетишет.

- Кыргызстанда башка кимдер менен жолугуп, эмнелерди, кайсы жерлерди көргөнгө жетиштиңиз?

- Кыргызстанда аябай жакшы инсандар менен тааныштык. Алматыдан Бишкекке киргенибизде 30 жылдан бери достук мамилебиз бар профессор, түрколог Кадыралы Коңкобаев агай менен Акылбек байке тосуп алышты. Андан ары Ысык- Көл тарапка өттүк. Жайлоого чыктык. Боз үйдө лагман чойгонду үйрөнүп, аны жедик. Балыкчы шаарын да кыдырдык.

Кийин кайра Бишкекке кайтып, Ошко жолго чыкканыбызда кербен менен Төө-Ашуудан өткөнгө уруксат беришкен жок. Андыктан Ошко такси менен барып келдик. Жолдо кыйналдык, бирок керемет жаратылышты көрүп бардык. Ош, Өзгөндү кыдырып, тууган-урук менен жүз көрүшүп, конок болуп анан Бишкекке кайттык.

- Ошол көргөн, барган жерлерди сиздер социалдык тармактарда блогер катары чагылдырып келесиздер. Көрүүчүлөр кандай пикирлерди калтырууда?

- Негизизнен түрктөрдөн көп комментарий алып жатабыз. Алар "кыргыз-казак болбосок деле, алыстагы тууганыбызды көргөндөй, сүйүнүп жатабыз" деп жазып атышат. Биз тартып көрсөткөн жерлерге кызыккандар көп. Кыргызстанга саякаттоону каалагандар да бар.

- Идил Кыргызстанда сапарыңыздар карыды окшойт, мындан ары кайда жол жүрөсүздөр?

- Кыргызстандан Казакстанга өтүп, Чымкент аркылуу Өзбекстанга киребиз. Өзбекстанды кыдырып, тарыхый жерлерин көрөбүз. Андан кийин түрк өкмөтүнүн колдоосу менен Түркмөнстан аркылуу өтөбүз. Алдыда бизде эки жол бар, Түркмөнстандан кийин Иран аркылуу Түркияга кирүү же болбосо Сауд Арабиясына кирип, умра сапарына чыгабыз.

Идил Дуран
Идил Дуран

Негизи ата-бабаларыбыздын маданиятын, руханий байлыгын коргоп, унутпашыбыз керек. Батышчыл болуу, орус маданиятынын таасиринде калуу, кытай маданиятынын таасиринде болуу же Европанын таасири астында болуу - бул албетте артыкчылык. Бирок адам өз тегин унутпаса, алардан пайда гана көрөт. Адам өзүнүн тегин унутса, анда жок болуп кетет. Мен Нью-Йоркто бир жыл жашадым. Нью-Йоркто туулуп-өсүп, түрк экенин унуткан, ассимиляцияланган адамдарды көрдүм. Андыктан биздин түпкү маңызыбызды сактап калуубуз абдан кымбат.

Бир нерсени баса белгилегим келет, апамдан үйрөнгөн кыргызча кырктай сөздү билчүмүн. 45 күндөн бери жолдо жүрүп, Кыргызстанга барганда тез эле сүйлөп кеттим. Мен азыр кыргыз туугандарым менен кыргызча сүйлөшүп отурам. Алар кантип тез эле үйрөнүп алдың деп таң калышууда. Кандан келген баалуулуктар унутулбайт. Биз да аны унутпоого аракет кылышыбыз керек. Мен өзүмдүн тамырымды издеп чыккан бул жолдо абдан бактылуумун, сыймыктанам жана кудайга ыраазымын.

- Маегиңизге чоң рахмат!

  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG