"Тез Жет" компаниясынын каттамдары убактылуу токтотулганы айтылды

"Манас" эл аралык аэропорту. Иллюстрациялык сүрөт.

20-октябрда "Тез Жет" аба компаниясынын Бишкек-Баткен, Бишкек-Жалал-Абад жана Бишкек-Ош багытындагы бардык каттамдары аткарылбайт. Бул тууралуу өзүн компаниянын өкүлү катары тааныштырган жаран 20-октябрь күнү "Манас" аэропортунда каттам күтүп отурган жүргүнчүлөр менен жолугушкан учурунда айтты.

Ал буга учактардын "техникалык мүчүлүштүгү" себеп болгонун билдирип, билеттердин акчасын аны сатып алган компаниялар аркылуу кайтарып алууга болорун билдирди.

Ушул тапта Бишкектин четиндеги "Манас" эл аралык аэропортунда Бишкек-Баткен, Бишкек-Жалал-Абад жана Бишкек-Ош багытындагы каттамын күтүп турган 100дөн ашуун адам бар экенин жүргүнчүлөрдүн бири "Азаттыкка" билдирди.

Аба каттамдары эмне себептен алынганын "Тез Жет" компаниясы расмий билдире элек.

"Тез Жет" Кыргызстанда бир нече жылдардан бери ички каттамдарды аткарып келет. Андан тышкары "Авиатрафик" компаниясынын учактары чыгат.

Ички каттамдарга учуу акысы кымбат деген нааразылыктардан улам “Манас” аба майданы Asman Airlines деген компания түзүп, ага эки учак сатып алган. Акциясы толугу менен мамлекетке таандык бул ишканага Кыргызстан сатып алган Dash-8-400 үлгүсүндөгү учактар Бишкек-Ош, Бишкек-Баткен жана башка ички каттамдарды аткарып жатканы кабарланган. (ZKo)

Дагы караңыз

ЕАЭБ өлкөлөрүнөн Орусияга ташылчу товарларга маркалоо киргизилетОрусиянын армиясы Запорожьеге абадан сокку урду Чаткал: кар көчкүдө калган дагы үч кишинин сөөгү табылдыКүйөөсүн семирткен аял Бишкекте эне-бала бараткан таксини сүзгөн айдоочу кармалды