Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:30

Орусиянын армиясы Запорожьеге абадан сокку урду


Бомбалоодон кийинки көрүнүш. Запорожье. 19-октябрь, 2024-жыл.
Бомбалоодон кийинки көрүнүш. Запорожье. 19-октябрь, 2024-жыл.

Орусиянын аскерлери 19-октябрдын кечинде Украинанын Запорожье шаарынын борборуна эки авиабомба таштады. Бомбалоодон 10 адам жаракат алды, арасында 9 жана 13 жаштагы эки бала бар. Балдар ооруканада экенин, абалы орточо оор деп бааланып жатканын облустук администрация башчысы Иван Фёдоров маалымдады.

"Ишембинин кечинде Запорожьенин борборуна эки авиабомба ташташты. Тилекке каршы жабыркагандар бар, имараттар кыйрады", - деп жазды ал Телеграм каналына.

Шаарда бир нече ирет жарылуунун үнү угулуп, жер үйлөрдүн бири кыйрады. Бомбалардын бири ири соода борборунан бир нече метр алыстыкка түшкөн.

"Жарылуунун толкунунан жана сыныктардан улам имараттар жабыркады. Коммуналдык кызматтардын баары өз нугунда иштеп жатышат", - деп жазды Федоров.

Орусиянын Коргоо министрлиги комментарий бере элек.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG