Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:22

Чаткал: кар көчкүдө калган дагы үч кишинин сөөгү табылды


Сүрөт Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен алдынды. 19-октябрь, 2024. Чаткал
Сүрөт Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен алдынды. 19-октябрь, 2024. Чаткал

Чаткалда кар көчкү алдында калган дагы үч адамдын сөөгү бүгүн, 19-октябрда табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады. Эки күндөн бери изделип жаткан адамдардын сөөктөрүн куткаруучулар туугандарына өткөрүп берүүдө.


9-октябрь күнү Каныш-Кыя айылынын тургундары жана бир чет элдик жарандан турган 14 кишилик топ, эндик өсүмдүгүнүн тамырын издеп, тоого кеткенден кийин дайынсыз жоголушкан.

16-октябрда издөө иштеринин натыйжасында сегиз жаран аман-эсен табылган, ал эми калган алты киши кар көчкү алдында калышы мүмкүн деген маалымат берилген.

18-октябрда издөө иштеринде Ак-Сай аймагында көчкү алдында калган үч кишинин сөөгү табылып, тик учак менен Кумбелдеги штабга жеткирилген.


Дайынсыз болуп жаткан үч кишини издөө 19-октябрда дагы улантылып, Airbus H145 тик учагы Кумбел тилкесинен кар көчкү түшкөн жерге учуп кеткен. Кийинчерээк кошумча куткаруучулар тартылган. (КЕ)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG