ЕАЭБ өлкөлөрүнөн Орусияга ташылчу товарларга маркалоо киргизилет

Орусиянын базарындагы товарлар. Иллюстрациялык сүрөт.

Европа экономикалык комиссия (ЕЭК) кеңешинин Москва шаарында өткөн кезектеги жыйынында биримдик алкагында ташылган бир катар товарларды маркалоо маселеси көтөрүлдү. Жыйынга Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев катышты.

Өкмөттүн басма сөз кызматы 19-октябрда кабарлагандай, ЕЭКтин жыйынында 50дөн ашуун маселе каралып, аягында бир катар чечимдер кабыл алынды.

"ЕЭК кеңешинин жыйынында Орусиянын аймагында маркалоого алынчу жеңил өнөр жай товарларынын түрүн көбөйтүү чечими кабыл алынды. Эми балдардын кийимдери, сууга сүзгөндө кийүүчү кийимдер, галстуктар, аялдардын жана балдардын ич кийимдери, баш кийимдер милдеттүү маркалоого жатат. Маркаланбаган товарлар 2025-жылдын 1-мартынан тартып, сатыктан алынат", - деп жазылган маалыматта.

Адылбек Касымалиев Орусия тараптан ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн экспортчуларына маркалоо коду чектөөсүз берилиши зарылдыгын айтты. Ошондой эле маселени эки тараптуу чечүүнү сунуштады.

ЕЭК кеңеши акыркы жыйынында мындан тышкары "Ыйгарым укуктуу экономикалык операторлорго атайын жеңилдиктерди аныктоо жөнүндө" чечими кабыл алынды. Ага ылайык, экономикалык операторлорго бажы процедураларынан өткөнгө чейин товарларды өз аянтчаларына сактоого укук берилет.

Ошондой эле ЕАЭБ жөнүндө келишимге өзгөртүү киргизүү боюнча протоколдоун долбоору кабыл алынып, уюмга мүчө өлкөлөргө ички мыйзамдарынан өткөрүүгө жиберилди.

Беларус, Казакстан, Орусия 2010-жылы Бажы биримдиги катары түзгөн Евразия экономикалык биримдикке (ЕАЭБ) Кыргызстан менен Армения 2015-жылы кошулган. Кыргыз өкмөтү ЕАЭБге мүчө болгондо төрт эркиндик берилерин, жарандар ээн-эркин жүрүп, товар жүгүртүү, тейлөө кызматтары жана капитал беш өлкө аймагында тоскоолдуксуз айланарын жарыялаган. (ZKo)

Дагы караңыз

Орусиянын армиясы Запорожьеге абадан сокку урду Аба ырайы: күн ачык болотЧаткал: кар көчкүдө калган дагы үч кишинин сөөгү табылдыКүйөөсүн семирткен аял Бишкекте эне-бала бараткан таксини сүзгөн айдоочу кармалды