Испаниядан ташылган химикаттар: Кыргыз фирмасынын кандай тиешеси бар?

Испаниянын жээги. Иллюстрация

Орусияга багытталган химикаттарды курал жасоо үчүн колдонсо болот.

Октябрдын башында Испанияда Орусияга багытталган 13 миң килограмм химикат колго түшүрүлгөнү, Орусияга каршы санкцияларды кыйгап өтүү схемасын жетектеген деген шек менен төрт киши кармалганы 15-октябрда белгилүү болду.

Испаниянын полициясы жарыялаган билдирүүдө химикаттар жүктөлгөн контейнер Барселона портунун бажы тилкесинде табылганы айтылат.

Маалыматка караганда, иликтөө Орусия Украинага басып кирген 2022-жылы башталган. Ошондо Москванын согуштук аракеттерин колдоого багытталган товарларга эл аралык санкциялар киргизилген. Күч түзүмдөрү теги орусиялык жарандар Орусияга химиялык продукцияны жеткирүү үчүн коммерциялык жана логистикалык система түзгөнүн аныкташкан. Документтерде товар Армениядагы жана Кыргызстандагы фирмаларга багытталганы көрсөтүлгөнү менен Орусияга ташылчу.

“Кара тизмедеги” продукциянын айрымдарын химиялык куралды же адамдын нерв системасын шал кылуучу заттарды чыгарууда прекурсор (реагент) катары пайдаланса болору такталган", - деп билдирди испан полициясы.

The Diplomat басылмасынын журналисти Кэтрин Путц буга байланыштуу Brookings институтунун 12-сентябрдагы баяндамасын эске салат. Робин Брукс жана башка аналитиктер ал отчетто Москва Украинага кол салгандан бери Борбор Азия жана Кавказ өлкөлөрүндө “ички талаптан эселеп ашкан” экспорттун кескин өсүшү байкалганын белгилешти. Далилдөө кыйын болгону менен, “экспорттун гүлдөшү товарлардын Орусияга жөнөтүлгөнүн гана чагылдырат деген божомол күчтүү”.

Брукс чечмелегендей, Германиянын Кыргызстанга болгон экспорт сандары Кыргызстан Германиядан импорттоду деген көлөмдөн кыйла көп. Мындай айырмачылыктан улам ошол продукция иш жүзүндө ал өлкөгө жетпейт деп боолголосо болот.

Борбор Азия Орусияга санкцияларды буйтап өтүүгө кантип жардам берет. Иллюстрация

Путц испан бийлиги жогорудагы схеманын чоо-жайын түшүндүрбөгөнүн, ага кыргыз жарандары катышып-катышпаганы бүдөмүк калганын белгилейт: “Кандай болгон күндө да, бул факт Борбор Азия менен Кавказ Орусияга санкцияларды буйтап өтүүдө колдонулганын дагы бир жолу чагылдырат”.

Өз кезегинде Испаниянын полициясы Каталониянын бажы көзөмөлү, борбордук тергөө соту жана башка органдар биргелешип жүргүзгөн иликтөө мыйзам бузууга тиешеси бар бардык адамдар аныкталып кармалмайынча уланарын белгиледи.

Германиянын артынан Нидерланд оогандарды Өзбекстанга жөнөтүүнү көздөйт

Нидерланддын бийлиги башпаанек ала албай калган африкалык жарандарды Угандага жиберүүнү пландап жатат. Буга чейин Британия Руанда менен бул өңдүү келишим түзүүгө аракеттенип, бирок план ишке ашпай калган.

“The Times” гезити 17-октябрдагы макалада Брюсселдеги саммитте Еврошаркет мыйзамсыз мигранттарды депортациялоону тездетүү жана Европанын сыртында андай келгиндер үчүн “кайтаруу борборлорун” түзүүнүн укуктук базасын иштеп чыгууга милдеттеме алганын эске салат.

Кампала менен талкууланып жаткан планга ылайык, Нидерландда качкын макамын алуу арызы четке кагылган африкалыктар (быйыл алардын саны бир миң кишиге жетти) Угандага жайгаштырылмакчы.

Угандадан тышкары Нидерланд жана Германия бийликтери башпаанек ала албай калган оогандарды Өзбекстанга депортациялоо мүмкүнчүлүгүн караштырууда. Бул үчүн Ташкентке өнүктүрүү тармагында жардам берилет.

Июлда британ өкмөт башчысы Кир Стармер бийликке келгенде ага чейинки кабинеттин мигранттарды Руандага жөнөтүү долбоорун жокко чыгарган. Өз кезегинде Германия африкалык ал мамлекетке келгиндерди жөнөтүү жолдору менен таанышып жатат.

Грецияга бет алган мигранттар. Иллюстрация

Басылмада айтылгандай, Евробиримдиктин кайсы бир мүчөсү мигранттарды блоктун сыртына депортациялап, жайгаштыруу үчүн адегенде мыйзамдарына өзгөртүү киргизүүгө тийиш. Италия жана Албания менен түзүлгөн келишим Европага деңиз менен келаткан жеринен кармалып, кээде жылдап депортацияны күткөн мигранттар үчүн каралган.

Нидерланддын премьер-министри Дик Схофтун айтымында, шайлоочулар жемиш бербеген миграциялык системадан чарчап калды. Андыктан башпаанек сурагандардын санын азайтуу, алардын башка өлкөлөргө кайтуусуна өбөлгө түзүү максаты коюлууда.

Еврошаркеттин жетекчилери Жакынкы Чыгыштагы куралдуу жаңжалдар качкындардын жаңы агымына алып келет деп чочулашат.

Биримдиктин башкы дипломаты Жозеп Боррелдин айтымында, ошол жүз миңдеген кишинин там-жайы талкаланып, алар артка кайта албайт. “Албетте, мүчө мамлекеттерди мындай жагдай тынчсыздандырбай койбойт”.

“Жибек жолунун унутулган обондору”

Al Jazeera 12-октябрда “Жибек жолунун унутулган музыкасына” кайрылып, көлөмдүү материал жарыялады. Анда советтик Борбор Азиянын ырчыларынын жаңы альбому тууралуу баяндалат. “Жибек жолунун синтези” деген музыкалык жыйнак өзбек дискосу, тажик фолктроникасы, уйгур рок, жаз чыгармаларын камтыйт.

Макаланын автору Амар Дивакардын айтымында, темир көшөгө артында калган СССР учурунда эфирде бийликтин жактыруусунан өтүп, уруксат берилген гана обондор менен ырлар үстөмдүк кылчу. Ошол эле маалда 1970-80-жылдары андеграунд музыкасы да гүлдөп өскөн. Өзбекстан, Тажикстан, Казакстандан чыккан артисттер Советтер Союзунун башка жерлеринен айырмаланган композицияларды жаратып келген.

Журналист Kraftwerk электрондук музыкасынын чеберлери Самарканддын базарында адашып кеткенин, коммунисттик доордун караңгы көчөлөрүн кыдырганын, Батыш менен Чыгыш, тарых менен келечек советтик цензуранын көз алдында чырмалышкандай көрүнгөнүн сүрөттөйт.

Өзбекстандык ырчы Насиба Абдуллаева

Сөз болуп жаткан альбом тажик ырчысы Хурмо Ширинова, өзбекстандык Насиба Абдуллаева, Наталья Нурмухамедова, Исмаил Жалилов, “Яшлик” деген уйгур тобунун, “Эфсане” ансамбли жана башка өнөрпоздордун аткаруусундагы попурриден түзүлгөн.

Аны чыгарган Ostinato Records студиясынын жетекчиси Вик Сохони бул демилге региондун музыкасын чагылдыруу менен катар СССР тууралуу айрым туура эмес маалыматтарды оңдоону көздөйт.

“СССР сырткы дүйнөдөн жабык өлкө болчу" деген түшүнүк европалык тарабында чындыкка көбүрөөк дал келчү, Азия бөлүгүндө абал бир аз айырмаланчу. Жыйнак Советтер союзундагы маданий очоктор менен көбүрөөк тааныштырат”, - деп айтат Сохони.

Макалада этно музыка таануучу Теодор Левин, Гарвард университетинде Борбор Азиянын советтик маданиятын изилдеген Леонора Айзенберг өз пикирлери менен бөлүшкөн. Алардын айтымында, Жибек жолунун боюндагы музыканттар чет жактардын обондорун өз улуттук аспаптарына ылайыкташтырышкан. Советтик мезгилде орустар, уйгурлар, тажиктер, депортацияланган гректер менен корейлер чогулган Ташкент ошондой маданий очоктордун эн чоңу болчу.

Муну менен катар материалда музыка жаратуу жана аткаруу жолунда өз өмүрлөрүн, эркиндигин тобокелге салган артисттер жөнүндө айтылат. Алсак, өзбекстандык “Оригинал” тобунун лидери Даврон Гаипов ал уюштурган иш-чараларда тыюу салынган заттар колдонулган деген айып менен беш жыл эмгек лагеринде өткөргөн. Эркиндикке чыккандан кийин өнөрүн уланткан.

Крым татарларынын “Несеф мунаралары” жаз тобунун негиздөөчүсү Энвер Мустафаев ал кезде тыюу салынган эне тилинде чыгарма жазчу. Саясий жикчил кыймылдарга катышканы үчүн КГБнын назарына илинип, жети жылга кесилип, абактан чыккандан көп узабай көз жумган.