Газдаштырууга салынган инвестиция 32 млрд сомду түздү

“Газпром Кыргызстан” компаниясынын кеңсеси. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда акыркы он жылда өлкөнү газдаштыруу жана модернизациялоого салынган инвестииция көлөмү 32 млрд сомдон ашты. Бул маалыматты Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров “Газпром Кыргызстан” ишканасынын 10 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарада сүйлөп жатып билдирди.

“Акыркы 10 жыл ичинде “Газпром Кыргызстан” өлкөнү газдаштырууда негизги оюнчуга айланды. Магистралдык газ куурун куруу жана реконструкциялоо сыяктуу ири долбоорлорду ишке ашыруунун эсебинен газдаштыруу деңгээли 2014-жылдагы 22% 2024-жылы 40% чейин өстү. 1400 чакырымдан ашык көчөдө газ тармактары курулуп, 20 миң жумушчу орун түзүлдү”, — деди Жапаров.


Министрлер кабинетинин төрагасы жаратылыш газын керектөө бул аралыкта 210 млн метр кубдан 500 млн метр кубга чейин көбөйгөнүн кошумчалады.

Акылбек Жапаров “Газпром Кыргызстандын” ийгиликтүү иши - өлкөнүн экономикасын гана эмес, ар бир жарандын жашоосун жакшыртууда маанилүү экенин белгиледи.

“Кыргызгаз” компаниясы Орусиянын “Газпром” компаниясына 2014-жылы символикалуу түрдө 1 долларга сатылып, "Газпром Кыргызстан" компаниясы деп аталып калган. Кыргыз өкмөтү муну Бишкектин жакасындагы конуштарга жана башка айылдарга газ жеткирүү, Ошту көгүлтүр отун менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу, өлкөнүн газ системасын жаңылоо өңдүү маселелерди чечүү максаты менен түшүндүргөн.

“Газпром Кыргызстан” 2030-жылга чейин Кыргызстандын газ менен камсыздоону 60% чейин жеткирүү далалатын билдирип келет.(ZKo)

Дагы караңыз

Бекназаровдун адвокаты саясатчынын кармалышы боюнча билдирүү тараттыОрусияда кардардын айынан кыйноо көргөн Калыс Сузакта 40 жаштагы жаран балдызынын колунан каза тапты Чаткал: Кар көчкүдө калган үч кишинин сөөгү табылдыИзраил Газада ХАМАС лидери Синвар жок кылынганын ырастады